Элнура Кулуева, журналист: “Аксы окуясына 14 жыл… 14 жыл жетпеген чындык”

Аксы окуясына саясий баа берилгени менен качан укуктук баа берилет деп чындыктын чылбырын кармаганыбызга мына быйыл туптуура 14 жылдын жүзү болуптур. Дале баш катырманын ичинде ким атууга буйрук берген? Ким күнөөлүү? деген суроолор жоопсуз. Бирок учур келгенде бул кандуу окуянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн аты аталаар. Мезгил барасы өз акыйкаттуулугун чыгараар деген ой менен калем сооротуп келе жатам.
Аксы окуясын башынан биринчи чагылдырган журналист катары бүгүн ал кандуу окуяны негедир башка өңүттө эстегим келип олтурат. Ушул убакка чейин биринчи күндөгү окуяларды эскерүү иретинде жазган эмесмин. “Китеп кылуу вариантында жазып бербейсиңби” деп кайрылышканда, эң оболу Аксы окуясына укуктук баа берилип, көксө суучу чекит коюлсун анан жазаармын деп жооп кайтаргам. Ай жылга айланган сайын алты өмүр эстутумга айланып, окуянын чындыгы алыстап бараткандай.
“Аалам” элдик эркин гезитте иштеп, 2001-жылы 27-декабрда депутат Азимбек Бекназаров менен маек уюуштуруп, ал маекте “бийлик тараптан коркутуулар болуп жатат” деп жооп бергенин биринчи планга алып чыгып жазган элем. Жаңы жылдык шаани менен депутаттын ал сөздөрүнө коомчулук анча маани бербей калган болуш керек. 5-январь күнү А.Бекназаровду камакка алды деген маалыматты редакцияга келип уктум. Иш телефон шыңгырап, ушул окуяга байланыштуу маалымат жыйынына болгону жатканын кабарлап Турсунбек Акун мени чакырды. Эч нерседен коркпогон Т. Акун депутаттын камалышы Үзөңгү-Куушка байланыштуу саясий “заказ” деп бакылдап чыкты. Бекназаровдун камалышы ошол учурда оппозицияны чок карматкандай ойготкон. Башкы прокуратуранын алдында адамдар пикетке чыгып, милиция кармап, айтор, баягы эле окшош көрүнүштөр.
Азимбек Бекназаровдун жубайын таап маек алуу максатында барсам, кан басымы жогорулап, саламаттыгы начар экенине күбө болуп, коргоо штабынан маалымат алуу үчүн келдим. Ал жерден Аксыда эл көтөрүлгөнү жатат деп угуп 12-январь түнү укук коргоочу менен Кербенге жөнөп калдык. Кычыраган кыш. Төө-Ашуудан машинанын дөңгөлөгү тайгаланып, жол коркунучу тамактан муунтат. Кербенге жетмегибиз өтө тозок болду. Тегененин тар жолу менен кетебиз деп машина жолдо калды. Көр оокаттын айынан көмүр казгандар алдыбыздан жондоруна каптарын көтөрүп бейкам өтүп жатышты. Кар кечип, жонго чыгыш үчүн машина түртүп атып, бутубуз чылпылдап суу болду. Сырткы суук жондон алса буттагы суу ичтен алып аябай азап чектик. Караңгы болгондо араң Кербенге келдик. Райондун борбору негедир тынч. Бейтааныш үйгө кирип, буттарыбызды кургатып жатсак “сиздер башка машина менен кетишиңер керек, Бишкектен келген машиналардын баарын текшерип атат. Силердин коопсуздугуңуздарды ойлоп жатабыз. Бишкектен журналисттер келиптир деп СНБнын кызматкерлерине көрсөтмө бериптир” – деп бир жигит көзү алайып кирип келди. Эмне болсо да ушул жерге эле жайгашалы, түн ичинде мейманканага барбайлы деп чечтик. Эртең менен,14-январь күнү райборбордун чок ортосунда плакат көтөргөн элдер пикетке чыгышыптыр. Райондун жетекчилери менен баарлашалы деп райадминистрацияга кирсем секратарь кыздан башка бир да жан көрүнбөйт.
Кайра элдин алдына келсем милиция кызматкерлери элди курчай баштаптыр. Аксакал карыя райондун милиция жетекчиси, прокурорго кайрылып “Айланайындар, депутатыбызды алдыбызга алып келип эмнеге камалып жатканын өз оозунан угузуп бергиле, анан биз тарап кетебиз. Ишеним көрсөткөн шайлоочулары бар. Биздин талап ушундай” деди. Карыянын сөзүн үн жаздыргычка жаздырып жатсам УКМКнын кызыл күбөлүгүн көрсөткөн мырза мени четке чыгарып “сиз кайдан келдиңиз, күбөлүгүңүздү көрсөтүңүз” деп кирди. Күбөлүгүмдү көрсөттүм, унчукпай ары басып кетти. Элди сүрөткө тартып жатсам райондун милиция башчысы Кулуев жаныма келип, чыканактан алып “тартпаңыз” деп кирди эле “ой журналист кызга тийбегиле”деп эл арасынан ак калпакчан байке чыгып кыйкырып калганда мени коё берди. Түштөн кийин эл тарап кетти. Мен Бекназаровду коргоо штабына барып, депутаттын жардамчысы менен сүйлөшүп жатсам, арыкчырай бала шаша чуркап кирди “райондун прокурору менен биртоп кызматкерлер бу жакка келе жатышат. Журналист кызды тапкыла. “Азаттыктын” кабарчысын кошо алып келгиле деген сөздөрүн угуп калдым” деди. Штаб бир бөлмөлүү эле. Мени ваннанын ичине жашырып салышты.Тапырап беш-алты кызматкер кирип келишип, “Журналисттер кана” деп опузалашканы даана угулду. “Азаттыктын” кабарчысы бул жакта экен деп ал журналистти кирип келе жаткан жеринен кармашыптыр. “Мейманкананы карагыла, бүгүн ал журналистти Бишкекке жөнөткүлө” дегени даана угулду. “Азаттыктын” кабарчысын райондук прокуратурага алып барып бир сыйра сурак кылыптыр. Ошентип, биз кайтарууда болуп калдык. Эртең менен эл топтолгон жерге барсак солдаттар кыдырата тизилип калыптыр. Таң заарда орозосун жаап келген аксакалдар, апалар сүйлөй баштаганда эле четинен сүйрөп машиналарга сала башташты. Окуянын мындай болуп кетээрин күткөн эмеспиз. Милиция бөлүмүнө пикетке чыккандарды камай баштады, кеч күүгүмгө чейин ошол жерде турдук. Четинен тил кат жаздырып, бирден чыгара баштады. Мурду кырдач жигит чыгып “Ажатканага чыгарбай камап, 80 жаштагы абышкабыздын орозосун сыйлабай шымына коё бердиртти. Өзүбүздүн балдар аксакалын сыйлашкан жок. Ыйманы жок тура. Биз эми чыгабыз” деп ызырынды. Дагы бир апанын колу сынгыча сүйрөшкөнүн көрүп элдин кыжырдануусу күч алды. Мен ошондо райондун, күч стуруктуранын жетекчилери эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшө албаганына көзүм жеткен. Элге колдонгон методдору ого бетер элдин кыжырдануусун жаратып жаткандарын билип туруп ошол кадамдарга барышкан. Ошол учурда элдин койгон талаптарын аткарып, эл менен иштешсе болмок. Кызматтарынан коркуп, элден качкан факт өздөрүнө таш болуп тийбеди беле. Менин коопсуздугумдан чочулап түнү шаарга таксиге салып ийишти. Машинанын алдыңкы орундугуна олтурсам штаб жетекчиси: “Бекназаровду бошотуу боюнча 2 миң кол топтодук эле, Бишкектегилерге жеткирип бересизби, абайлаңыз, артыңызда СНБнын балдары жүрөт” деди. Муну уккан таксист чочуп кетти: “Эже, тынчпы мага эч нерсе болбойбу “деди, мен машинанын полигине ал кайрылууну салып “Коркпоңуз сизге тиешеси жок” дедим. Биздин машина жылган соң артыбыздан ак волга автомашинасы түшүп алды. Мен ошондо өзүмдү “партизанка” катары сезгемин. Качан бизди токтотуп, поликтин алдындагы топтогон кагаздарды алат деп чочулап, күзгүдөн карап бара жаттым. Кербенден чыккандан кийин ал машина артта калды. Бир журналисттен кутулдук дешти окшойт. Мына ошентип Аксы окуясы барган сайын курчуп бара жатты. Жыйынтыгында элге атылган ок алты адамдын өмүрүн алып, ачкачылык жарыялаган Шераалы Назаркулов каза тапкан. Кандуу окуядан соң Азимбек Бекназаров бошотулуп, биринчи түз байланышты “Ааламга” уюштурганда телефон чалууларга жооп берүүгө үлгүрө албай жатканынын көрүп, эркин гезиттер элге туура маалымат бергендин жеңиши ушул экенин түшүнгөм.
20 жылдан бери капастагы куш болбой, эркин гезиттерде журналисттик миссиямды аркалап келе жатам. Акыйкаттуулук коомдо орносо, коомдук пикир жаратуучу катары менин да салымым бар экени баардык нерсени жууп кетет деген ойдомун. Анткени ач суукта белде калсак да менин куш кабарым окуя өзөгүн өзгөрткөн…
Элнура Кулуева, журналист

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *