“ЭлТРдин” мурдагы жетекчиси Айбек Мусаев кайсы кызматка барды?

“ЭлТрдин” мурдагы жетекчиси Айбек Мусаев КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары болуп барды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда КТРКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бул кызматта буга чейин Шайырбек Абдырахманов эмгектенген.

Ал эми Айбек Мусаев «ЭлТРдин” жетекчилигинен өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде 13-январда бошотулган. Анын ордуна жетекчи болуп Керимбек Калыкулов дайындалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *