Видео – Эльвира Сурабалдиева: “Эмне себептен Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы обсервациялоо жайы катары колдонулбайт?”

“Эмне үчүн Бишкек шаарынын так ортосунда заңгыраган кыргыз-түрк ооруканасы бош турат?” – деп суроо салды депутат Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында.

“2016-жылы кыргыз-түрк ооруканасын ушунчалык “пафос” менен ачтык элек. Эмне себептен ал оорукананы обсервациялоо жайы катары колдонбойбуз? Биздин дарыгерлер региондордон Бишкекке келип иштеп жатышат. Чүйдө толугу менен транспорт токтотулду. Дарыгерлер менен милиция кызматкерлери ооруканаларда түнөп иштеп жатышат. Эмнеге бул маселеге азыркыга чейин чечиле элек?” – деди депутат.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *