Эмдиги жылдан баштап милиция кызматкерлери келишим менен кызмат өтөй баштайт

2020-жылдын 3-фералынан баштап милиция кызматкерлери контракт менен кызмат өтөй башташат. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалев журналисттерге берген маегинде айткан.

ИИМде келишим менен кызмат өтөөнү 2018-жылы эле киргизишкен.

“Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга ылайык 2020-жылдын 3-февралынан баштап милиция кызматкерлери келишим менен иштейт башташат, келишим 5 жылга түзүлөт. Милдетин так аткарбаса, келишим жокко чыгарылат”, – дейт Кашкар Жунушалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *