Видео – Эмдиги жылы Бишкек мэриясы массалык түрдө шаардыктардын үйлөрүн “тартып ала” баштайбы?

Бишкек мэриясы коомдук муктаждыктар үчүн шаардыктардан сатып алган кыймылсыз мүлктөрдүн баасы бүгүнкү күндө туура эмес коюлуп келет. Бул жөнүндө 24-октябрда ЖК жыйынында депутат Марат Аманкулов (КСДП) айтып чыкты. Сөз жаңы жолдор салынып, жол жээгиндеги үйлөр жана анын кожоюндары  жөнүндө болуп жатат.

Анын сөзүнө ылайык, азыркы тапта муниципалитет шаардыктардан үй сатып алып жатып, көз карандысыз эксперттерге баасын бычат экен. Эгерде менчик ээлери ал баага макул болбосо, анда мүлкү мамлекетке өткөрүп берүү маселесин сот аркылуу чечилет.

– Базар баасына ылайык баасын бычып жатышат дечи, бирок мунун өзү туура эмес, үй ээси аргасыз мүлкүн таштаганга мажбур болуп калып жатат. Жаңы үй издегенге, ремонтко, көчүүгө, балдарды мектепке, бала бакчага орноштурууга кеткен чыгымдары эсептелбей жатат. Үй ээси айтылган суммага макул болот, бирок акчасын зордоп алат, – деп түшүндүрдү депутат. – Мамлекет өз жарандарына ыңгайсыз кырдаал түзүп жатат, бирок анын укугу Башмыйзам менен корголгон да.

Эмдиги жылы курулуш жана жолдорду оңдоо долбоорунун үчүнчү стадиясы башталат, эстакадалар курулат жана башкалар. Эми шаардыктар буга массалык түрдө кабылат. Алдын ала чечим чыгарыш керек, – деди Аманкулов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *