Эми мөңгүлөрдүн алдындагы алтындар казылат

Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети тарабынан 31-октябрда үчүнчү окууда кабыл алды. Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Аталган комитетте депутаттарга вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасап, Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан, аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштады. Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат. Ал эми Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү чын эле эрип калганбы же жокпу аны депутаттар жеринде териштиришкен жок. Буга чейин жогоруда аталган мөңгүлөрдүн алдындагы алтынга “Центерра Голд” компаниясы кызыгып жүргөнүн билебиз. Демек, бир мандем бар бул жерде.

Булак: “Ачык саясат”

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов says:

    Кыргызда “Алтын”-деген создун маанисин,-Алып тын-деп тушундурушот.Айтайын дегеним Дуйшонбек мырза алтындын артынан кетпесе болду.Себеби,”Жеруй” алтын кенинин артында да ушул мырзанын кулагы чыгып турат.Ал эми ал кенден мамлекетке 1тыйын тушпойт.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *