Эмил Савданбеков, Жаркынбаев айылынын тургуну: “СДПКчы Чыныбай Турсунбеков менин ижарага алган 2 гектар жеримди жана Кутушевдин 4 гектар жерин тартып алууда”

“Кырчын” туристтик базасы союз учурунда “Кыргыз тур” жоопкерчилиги чектелген коомго карачу. Кийин аталган базаны “Кыргыз тур” ЖЧК “Кереге” ЖЧКга саткан.(“Кереге” ЖЧК КСДП фракциясынын лидери Чыныбай ТУРСУНБЕКОВдун жеке менчигине караштуу). Бирок “Кырчын” туристтик базасында жайгашкан кароолчуга тиешелүү үй “Кереге” ЖЧКга өтүп кеткен. Мындан тышкары токой чарбасына тиешелүү жерлер да “Кереге” ЖЧКнын карамагына өткөн. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын тургуну Эмил САВДАНБЕКОВ “Эл демиге” билдирип, окуянын чоо-жайын мындайча баяндап берди.
Чыныбай Турсунбеков агамды, күчөтүп айтканда “кул” кылып иштетиптир
“Кырчын” турбазасы 3 гектарга жетпеген жерде жайгашкан. Атам аталган туристик базада кароолчу болуп иштечү. Ал жерде кароолчунун атайын үйү бар эле. Атам-апам бардык үй-бүлөбүз менен бирге ошол үйдө жашоочубуз. “Кыргызтур” жоопкерчилиги чектелген коом союз тарап жаткан учурда үйдү атама бекитип берип, “Кырчын” турбазаны “Кереге” жоопкерчилиги чектелген коомго саткан. “Кереге” ЖЧК азыркы учурда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун менчиги. Атам ооруп калып өз убагында үйдүн документтерин “оформить этпей” калыптыр. Кийин ал үйдө агам жашап калды. Агам өзү  карапайым адам болгондуктан үйдүн документине көңүл деле бурбаптыр. Ошентип үй “Кереге” жоопкерчилиги чектелген коомго өтүп кетет. Анан агам “Кереге” ЖЧК чабандын үйүн берем деп жатат. Ал үчүн “шапка” катары 20 миң сом, ошондой эле кассага 4400 сом төгүш керек экен,”-деп келди. Ал кезде музоо 6-7 миң болуп жаткан. Төрт башты сатып, көрсөтүлгөн каражатты төлөдүк. Үйдүн документтерин колубузга алганбыз. Бул үйдү “оформить этелик” деп райондук мамкаттоого барсак, “Кереге” ЖЧКнын документтери толугу менен “оформить” боло элек экен. Биринчи өзүбүздүн документтерибизди “оформить” кылып алалык, андан кийин үйдү “оформить” кылабыз деген. Бирок үйдүн документин толугу менен бүтүрүп бербей, ушул күнгө чейин созуп келди. Ар кандай шылтоолор айтып жүрүп, агам каза болгондон кийин Чыныбай Турсунбеков жаш балдарды жиберип жеңемди үйдөн кууп чыкты. Азыр жеңем үй-жайы жок 6 баласы менен жүрөт. Мындан тышкары Чыныбай Турсунбеков агамды кароолчулукка жумушка алган. Айлык маянасын да бербей, анда-санда ун, тамак-аш берип коюп кутулчу экен. Кайсы гана мекеме болбосун жаранды мыйзамдуу түрдө жумушка алып, ай сайын айлык маянасын берип, эмгек күбөлүгү ачылыш керек. Агамдын мындай бир дагы документи жок. Пенсиясын балдарына котороюн десем, соцфондго бир дагы тыйын төлөгөн эмес. Чыныбай Турсунбеков агамды мындайча айтканда “кул” кылып иштетиптир. Бул биринчи маселе.
Чыныбай Турсунбековдун пайдасына чечип коюшууда
Экинчиден, 2007-жылы Кырчын жайлоосунан 2 гектар жерди токой чарбасынан ижарага алгам. Жердин документтерин мамкаттоого өткөрүп, алар тил кат жазып беришти. Жерди “оформить”  кылгандан кийин документти алып кет дешкен. Бирок документти беришкен жок. Бир күнү мамкаттоого барып, “качан документти бересиңер” деп айтсам, ал жерди талашып Турсунбеков менен Кутушев соттошуп жатат. “Кутушев деген ким” десем ал дагы жерди ижарага алыптыр. Мындан улам мени эч ким чакырбаса деле атайын Турсунбеков менен Кутушевдин сотуна бардым. Кутушевдин гана жери боюнча сот болуп жатат, сиз бошсуз деп ал жерден мени жөнөтүп койду. Ошентип арадан бир топ убакыт өттү. Мамкаттоо жердин документин берген жок. Көрсө булар атайын убакытты созуп, менин жеримди дагы сот менен “Кереге” ЖЧК жеке менчикке чыгарып алышыптыр. Ижарага алган жердин номурун которуп, документти алмаштырып, башка жактан жер берилет деп жазып коюшуптур. Ошентип сотко арыз бердим. Бирок, облустук сот убакыт өтүп кеткен деп Чыныбай Турсунбековдун пайдасына чечип коюшууда. Чыныбай сыяктуу бирөөнүн жерин тартып алган жокмун мыйзамдуу түрдө 49 жылга токой чарбасынан 2 гектар жер ижарага алдым деп ишти изилдеп баштадым. Анда “Кыргызтур” ЖЧКнын жери болгону 3 гектар экен. Ал эми калганы, тагыраак айтканда Турсунбеков талашып жаткан жерлер токой чарбасынын балансында турат. Токтомдо ал жер менчикке берилбейт, мамлекеттин гана менчиги деп жазылган.Турсунбеков кандайча ал жерди менчигине алып алган. Түшүнүксүз болууда.
Мындайча айтканда ал мен ижарага алган 2 гектар жерди, Кутушевдин 4 гектар жерин тартып алып жатпайбы. Ал эми токой чарбасы бул жер биздин жер, соттон утуп алганбыз деп жүрүшөт. Азыр сотко токой чарбасынын кызматкерлерин да чакырып жатам. Бирок соттор аларды такыр жолотпой жатышат.
Алика АЙЫМ
Булак: “Эл деми”

1 ой-пикир

  • jika says:

    Пикир: Chaamymda Chynybai Tursunbekov 2 charchy metr jer jeteerin taptakyr unutup kalgan okshoit, andai bolso az ele ybakyt kaldy, 2charchy millimetr jerdi jaratkan yraa korboi kulu kokko sapyrylyp kalat !!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *