Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулду

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

 Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *