Эмилбек Каптагаев: “Мага орус тилинде түшүнүктүү” деген Атамбаев кыргыз тилин өлтүрдү”

Мамлекеттик тил мыйзамынын иштеп жатканына бүгүн туптуура 30 жыл болду. 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган. Мамлекеттик тил макамын Казакстандан озунуп алдык, бирок, алардан артта калдык. Бул ачуу чындык. Эне тилибиздин өнүкпөй, туңгуюкка такалганы тууралуу коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “Фейсбуктагы” баракчасына жаңы пост жазып, жарыялады.

-Мындан 30 жыл мурда ушул күн биз үчүн өтө зор майрам болгон, Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алып, кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланган. Бул ошол учурдагы кыргыз интеллигенциясынын көп жылдык күрөшүнүн жемиши эле.

Мамлекеттик тил жөнүндө маселе көтөрүлө   биз дагы бутубуз үзүлгөнчө чуркадык, 1989-жылы жаңы түзүлгөн “Ашар” коому эле республиканы түрө кыдырып жарым миллионго жакын кол топтоп өткөргөнбүз, завод-фабрикаларга барып орус тилдүү мекендештер менен кызыл чеке болуп талашканбыз, аларды ынандыруу аракетин кылганбыз, гезиттерге макалаларды жазып, өз сунуштарыбызды Атайын түзүлгөн комиссияга берип турганбыз.

Ошентип “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынганына, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгенине 30 жыл болду, бирок ошончо мезгил өткөнүнө карабастан өлкөбүздө эч нерсе өзгөрбөгөнү, тескерисинче, кыргыз тили андан да ары туюкка сүрүлүп калганы бир чети өкүнүчтүү, экинчи жагынан намыска тийе турган нерсе.

Эгемендик алгандан кийин кыргыз тилинде эч кандай көйгөй болбойт, буюрса мамлекеттик тил катары бат эле калыптанып кетет деген ишеним бар болчу. Чынында эле Мамлекеттик тил боюнча атайын комиссия түзүлдү, программалар кабыл алынды. Бирок, тилекке каршы, кыргыз тилинин коомдогу ээлеген орду бышыкталган жок. Ошол Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынып жатканда айтылган шылтоолор дагы да болсо кайталанып, “даяр эмеспиз”, “шашыштын кереги жок”, “окуу методикасы жок” деген сыяктуу болбогон шылтоолор менен иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, жыйындарды кыргыз тилинде алып баруу дегенди жок кылышты, анын үстүнө 2003-жылы популисттик ураан менен президент Акаев референдум аркылуу орус тилинин макамым кыргыз тилине теңдеп салганы, анын расмий тил катары бекитилиши таптакыр натуура иш болду. Бизде эки мамлекеттик тил пайда болду, араң турган орус тилдүү кыргыздарга жага бербей эле калды, алардын үстөмдүгү менен, “расмий тил” деген шылтоого ылайык эмдигиче бардык документтер, мыйзамдар, токтомдор орус тилинде даярдалып, анан жоопчот иретинде эле кыргызчага которулуп коюлат. Кыргызча тексти адистер эмес, котормочулар эле даярдашкандыктан катачылык көп, кай бир учурда орусчасы менен кыргызчасынын ортосунда айырма да чыгат, кыргызчасы теңирден тетири маани берип калган учурлар да жок эмес.

2001-жылы Ысык-Көл облусунда иш кагаздарын жүргүзүүнү толугу менен мамлекеттик тилге өткөрүү туралуу чечим кабыл алганбыз. Мен ал кезде губернатор Жусуп Шариповдун биринчи орун басары элем. Ошондо Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Казат Акматов сүйүнгөнүнөн бизге келип компьютер, дагы бир топ баалуу белектерди, китептерди тапшырып кеткен, “көч башы болуп атасыңар” деп мактап. Кийин Эмилбек Анапияев губернатор болуп келди да дароо эле орус тилине кайра өткөрүп салды.

Ошондой эле, 2011-жылдан Президенттик Аппаратта иш кагаздарды жүргүзүүнү, жарлыктарды жана башка расмий документтерди даярдоону кыргыз тилине өткөргөнбүз. Аппарат кызматкерлерин үч айлык атайын окуу курсунда да окуттук, талапты катуу койдук, ошондуктан алар кыргыз тилинде документ даярдаганга бат эле көнүп калышты, котормочу которуп койот деп түртүп салбастан кыргызча жаза башташты. Бирок менден кийинки жетекчилер кайра эле орус тилине өтүп алышты, өздөрүнүн ыңгайына карап. Президент Атамбаев да айтыптыр “мага орус тилинде түшүнүктүү” – деп. Ошону менен азыр иш кагаздарын даярдоо бардык мамлекеттик органдарда орус тилинде.
Башкасын кой, отуз жыл ичинде көрнөк-жарнактарды нукура кыргыз тилинде даярдап илүүнү да жолго койо алган жопкуз. Бишкектин көчөлөрүн аралап чыккан киши эмне деген шумдуктарды окубайт, ойго келбеген сөздөр, теңирден тескери түзүлгөн, мааниси жок сүйлөмдөр. Кимдир бирөө атайын эле кыргыз тилин мазактап жаткандай сезилет.

Эне тилге камкордук көрүү – бул улутту сактап калуунун камы экен. Айтматовдун тил жөнүндө күйүп бышканы, анын мектеп жашына чейинки балдарды кыргыз тилинде тарбиялоо жана окутуу керектигин ошол учурда айтып чыкканы олуялык эле болуптур. Ал киши мындан отуз жыл мурда эле тил маселесин чечүүнүн көзүн таап айтыптыр. 1987-89-жылдардагы кыргыз тили боюнча талаш-тартыштар акыры келип “Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды” кабыл алуу менен аяктаганы менен, кыргыз тилине ошол эле СССРдин кезинде мамлекеттик тил макамы берилгени менен, кыргыз тилинин көйгөйү эмдигиче чечиле элек, толук кандуу мамлекеттик тилге айланган жок али. Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин ээси болгонубуз менен Тил жана маданият маселелерин чечүүдө кыргыз эли дагы да болсо улуттук азчылыктын абалынан чыга элекпиз, кыргыз тилинин коомдогу абалы мурдагыдан да начарларды. Биз бул чындыкты моюнга алуубуз абзел.

Көрсө балдарды мектепке чейин үйдө же бала бакчаларда кыргыз тилинде тарбиялоо маселеси чечилмейин Тил маселеси чечилбейт экен. Кеп кыргыз балдар жөнүндө гана эмес, жалпы эле Кыргызстанда жашаган башка улуттагы калктардын балдары жөнүндө болуп жатат, бардык бала бакчаларда негизги тарбия тили кыргыз тили болуусу зарыл. Биз отуз жылдан бери алышып чече албай келе жаткан көйгөйдүн көзү ушул жакта экен

Балдарды мектепке чейин кыргыз тилинде тарбиялабаса, бала төрөлгөндөн эле кыргыз тил чөйрөсүндө өспөсө, анда мамлекеттик тилди өнүктүрөбүз деп түзгөн программалардан, өкмөт тарабынан бекитилип жаткан иш чаралардан эч кандай майнап чыкпай турганына көз жетти, аны турмуш өзү далилдеди. Мисалды алыстан издебей эле өз үй бүлөмдөн эле алайын. Мен балдарымды кыргыз мектепте окутуп, кыргызча эле тарбияладым. Бирок неберелерге келгенде таптакыр башка көрүнүш, бары орус тилдүү болуп калышты, кыргызча сүйлөтүүгө ал келбейт, кыргызча айтсаң орусча жооп беришет. Тили кыргызча чыгып, бала бакчага барганча кыргызча эле сүйлөй баштаган балдар ушундай болуп атпайбы. Неберелерди карап отуруп Түгөлбай Сыдыкбеков, Чынгыз Айтматов, Кусейин Карасаев сыяктуу лөктөргө да сын такканды токтоттум, көп эле жерде айтып жүрчүмүн:”…өздөрү кыргыз тили деп күйүп жүрүшөт, кыргыз адабиятына, кыргыз тилине сиңирген эмгектери опол-тоодой, ал эми балдары таптакыр кыргызча билбейт…” – деп, моюнга алам бул пендечилигимди. Көрсө, бул кишилерде дагы, алардан башка миңдеген кыргыз бир туугандарымда дагы балдары орусча сүйлөп, орус мүнөз болуп калганында эч кандай күнөө жок экен. Күнөө коомдо, коомдук түзүлүштө экен. Күнөө окуу-тарбия иштерин жөнгө койо албаган, кыргыз тилин мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө биринчи муктаждык кыла албаган бийликте, ошол мамлекетти башкарымыш этип жүргөн аткаминерлерде экен. Алардын ичине мени да кошсо болот.

Мектепке чейинки тарбия жана баштапкы билим берүү түзүмдөрү түп тамырынан бери кайра курулушу зарыл, окуу-тарбия иштери толугу менен кыргыз тилине негизделүүсү шарт. Бул “эки жере эки төрт” дегендей эле турмуш чындыгы. Ошол эле учурда орус, англис, кытай тилдерин да кошумча окутуу керек, окуу-тарбия программалары ушундай өңүттө түзүлүшү зарыл.

Учурда миллиарддаган доллар каражат жумшап жолдорду оңдоп жаткандай эле миллиардаган доллар каражат кыргыз тилиндеги мультфильмдерди, компьютердик оюндарды даярдоого, кыргыз тилинде кинолорду, китептери чыгарууга, кыргыз тилинде тарбия бере турган бала бакчаларды жана башка балдардын окуу-тарбия жайларын ачууга жумшалышы абзел. Бул багытта бүтүндөй ири өндүрүш уюшулууга тийиш. Жол же башка инфраструктура маселеси экономикалык келечекти гана аныктаса, кыргыз тили, кыргыз тилинде балдарды тарбиялоо маселеси улуттун келечегин аныктайт. Болбосо келечек жок!

 Жайнагүл ТАЛКАНБАЕВА

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *