Эмир Чукуев, Эл аралык “Манас” аэропортунун Башкаруу кеңешинин башчысы: “Саясий максатка жетүү үчүн мамлекеттик ишканага шек келтирбеш керек!”

– Эмир Майрамбекович, “жөжөнү күздө сана” демекчи, 2016-жылдын тогуз айы сиз жетектеген “Манас” аэропорту үчүн кандай жыйынтык берди? Чыгашасы, кирешеси, алдыга коюлган милдеттердин аткарылышы тууралуу маалыматтар менен маекти  баштасак?

-“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы үстүбүздөгү жылдын тогуз айы үчүн тынымсыз эмгектенүүнүн, ошондой эле жаңы жумуштарды жасоонун жана ишке ашып жаткан долбоорлорду ийгиликтүү улантуунун жылы болду. Бүгүн биз, “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын өнүгүүсүнө, айрыкча заманбап жана ыңгайлуу аэропорттук комплекс болуп калыптанышына шарт түзгөн бир катар долбоорлордун аякташы менен жаңы артыкчылыктуу багытка ээ болгонубузду тартынбай айта алабыз. Ошондой эле биз, өндүрүш жана каржылык көрсөткүчтөрдөн улам, мекеменин өнүгүү деңгээлин туруктуу сактоого жетишип келе жаткандыгыбызды белгилей алабыз.  Эми “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун 2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча маалымат бере кетсем.

Өндүрүштүк көрсөткүчтөр боюнча, 2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча  “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы  боюнча аткарылган каттамдардын жалпы саны 20 548 (учуп келүү, учуп кетүү) болду. Анын ичинен эл аралык каттамдар 14 173 болсо, ички аймактык  учуулардын саны 6 375 жетти.

2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсында жүргүнчүлөрдүн агымы 2 233 48  болду . Көрсөтүлгөн сандын 1 533 861 жүргүнчүсү эл аралык каттамдардан болсо, 699 387 жүргүнчү ички катамдардан.

Жогоруда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсында 17 597,7 тонна жүк ташылды. Алардын ичинен эл аралык каттамдардан –17 382 тонна, ички каттамдардан – 217,7 тонна.

Ал эми  каржылык  көрсөткүчтөргө келсек, “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын финансы-экономикалык ишмердүүлүгү  2016-жылдын тогуз айында кирешелүү болуп, 1 млрд. 471 сом пайда алып келди. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын тогуз айына салыштырганда 264 млн. сомго көп.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында төмөндөгүдөй капиталдык курулуш  жана реконструкция иштер жүргүзүлдү.

“Манас” аэробекет комплексине жанаша жайгашкан администрациялык имаратты эл аралык учууларды тейлөөчү аэробекет кылып куруу жана кеңейтүү;

“Ош” аэродромунун учуу-конуу тилкесине  оңдоо, реконструкциялык иштерди жүргүзүү;

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна ИКАОнун (Жарандык авиациянын эл аралык уюму) талаптарына ылайык, заманбап, учууларды күнү-түнү тейлөөгө шарт түзө турган жаңы жарык берүүчү жабдыктар, ошондой эле жогорку кубаттуулуктагы  көмөк чордон орнотулду;

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун аэробекет комплексин кеңейтүү үчүн реконструкция иштер жүргүзүлдү.

– Быйылкы жылы негизинен “Тамчы” аэропортун жакшыртууга көңүл бурулгандай. Бул аба майданынын Кыргызстан үчүн маанилүүлүгү жана бул аэропорт качан толук кандуу ишке берилет?

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык, “Тамчы” аэропортунун аталышы “Ысык-Көл” деп которулуп,  эл аралык деп статус берилген. Кыргызстан үчүн “Ысык-Көл” аэропортунун  маанилүүлүгү чоң.  Айта кетсек, Ала-Тоо койнунда жайгашкан кыргыз элинин бермети – Ысык-Көлгө жылына бир канча туристтер эс алуу, ден соолугун чыңдоо үчүн келип кетишет. Туристтерге ыңгайлуу  шарттарды түзүп берүүдө “Ысык-Көл аэропортунун да мааниси чоң. Андыктан 2004-жылдан баштап аэропортко оңдоо-курулуш иштер башталган.

Жогоруда айтылып кеткендей, аэродромдун  учуу-конуу тилкеси узартылып, навигациялык, жарык белги берүүчү заманбап жабдыктар орнотулду. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып, аэропорт күнү-түнү учактарды кабыл алып тейлей баштады.

Тактай кетсек, Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги тарабынан комиссия түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык аэродромго текшерүү иштер жүргүзүлүп,  “Ысык-Көл” аэропорту күнү-түнү учактарды тейлөөгө боло турган тастыктама алды. Ошондой эле аэропорт запастык аэродром кызматын да аткара алат, тактап айтканда “Манас” же  “Ош” эл аралык аэропортторунда  аба ырайы кескин өзгөрүп,  учактардын конуусуна тоскоолдук жаратса, аба кемелерди “Ысык-Көл” аэродромуна отургузууга  толук мүмкүнчүлүктөр бар. Сентябрь айында дүйнөлүк масштабда өткөрүлгөн, эл аралык Көчмөндөр оюнуна коноктор “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту аркылуу учуп келип, оюнга катышкандарга бир топ ыңгайлуулуктарды жаратты.

– “Ош” аба майданы тууралуу айта кетсеңиз, буга чейин коопсуздук маселеси суроо жаратса, учурда ал жердеги кызматкердин жүргүнчүлөргө болгон одоно мамилелери тууралуу кеп болууда? Дегеле калк көп каттаган бул аба майданды реконструкциялоо иштери кандай нукта баратат.

-Тейлөөнүн сапатын жогорулатуу – биздин тынымсыз, күнүгө жүргүзүлө турган иштердин бири. Биз азыркы учурда жүргүнчүлөрдү республикабыздагы аэропорттордон учуп кетишине жана келишине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнүн үстүндөбүз. Мындан тышкары, жүргүнчүлөргө жана аэропортко келген жарандарга жагымдуу маанай тартуулап жакшы мамиле, мыкты тейлөө көрсөтүү маселелерине көңүл бурулууда. Ошондой эле “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын аэропортторунда, анын ичинде “Ош” аэропортунун аэробекет комплексинде  кеңейтүү, реконструкция иштери жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда аталган аэропортто оңдоо-куруу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу “Ош” эл аралык аэропортунун жетекчилиги коопсуздукту сактоо үчүн алдын ала чараларды көрүүдө. Андыктан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурамакчыбыз.

– Сизге чейинки жетекчилик учурунда ички каттамдарды Баткен-Бишкек, Нарын-Бишкек ж.б. каттамдарды жандандыруу башталгандай болду эле. Дегеле азыркы социалдык-экономикалык шартта бул өзүн-өзүн актоочу каттамдарданбы?

-“Баткен” аэродрому  учактарды күндүзү гана кабыл алып, тейлей алат, Азыркы убакта “Баткен” аэропортуна “Тез-Жет” авиакомпаниясы аркылуу жумасына үч жолу каттамдар аткарылып турат.

Ал эми “Нарын” аэропорту ички каттамдар статусуна ээ. Аталган аэропортко азырынча авиакаттамдар аткарылбайт.

Тилекке каршы, “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилиги каттамдардын үзгүлтүксүз аткарылып турушуна авиакомпанияларга буйрутма берүүгө укугу жок. Биз өзүбүздүн жергиликтүү авиакомпаниялар үчүн аталган багыт боюнча каттамдарды аткарууда өзүн-өзү актабайт, биринчиден күйүүчү майдын кымбаттыгына байланыштуу билеттердин баасынын жогорулашы, экинчиден, жергиликтүү авиакомпанияларда  учуу-конуу тилкеси 1700-2000 метрди түзгөн, бийик тоолуу аймакта, кыска аба жолдо  учууларды аткара ала турган учактар жок.

Бүгүнкү күндө республиканын ичинде  көпчүлүк жарандар автоунаа менен жүрүүнү туура көрүшөт. Мунун бирден-бир себеби авиа билеттердин баасы эки-үч эсе кымбаттыгында.

–Жакында  “Ата Мекен” фракциясы “Манас” эл аралык аба майданындагы коррупция боюнча маселе көтөрүп, бирок аягы сууп калгандай болду. Ошол талкууларда сиз “Эл аралык кызматташтагы мекемелерге саясий боек сүртүп, сөз жүзүндө ар кандай айыптоолор инвестор-өнөктөр менен болгон мамилеге таасирин тийгизет, саясатка аралаштырбасак – деген ойду айттыңыз…

-Баарыбызга белгилүү болгондой – кандай гана болбосун ар бир компаниянын  ишкердик аброю жана кадыр-баркы – бул анын  материалдык эмес активдеринин бир бөлүгү. Бул уюмдун  ишкердик чөйрөдө сапаттары, баркы жана кемчиликтери жөнүндө түптөлгөн пикир, бул анын карым-катнашка болгон мамилесин аныктайт, жалпы жана ага нормадан тышкары пайда алып келе алат.

Эң негизгиси компаниянын туруктуулугу базар наркынын бир бөлүгү болуп саналат. Алсак, аэропорттун  ишкердик беделин жана кадыр-баркын түзүүчү, тышкы жана ички өнөктөштөр менен мамиледе ишкердик жана этикалык принциптерге кынтыксыз баш ийүү, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты,  топ-менеджерлердин аброю болуп эсептелет.

Баарынан кыжаалат келтирген факты, аэропортко эч кандай мамилеси жок,  аэропорттун акционерлери эмес, чарбалык иштин маңызын билбеген жана билгиси да келбеген адамдар, жеке саясий амбициясына жетүү үчүн, компаниянын ишине одоно кийгилишип, менеджментти (башкармалыкты) кайсы бир туура эмес иш-аракеттер боюнча айыптады.

Ошентип “Манас” аэропортунун атын каралап, ошол эле учурда жөн гана көчөдөн келген адам эмес, өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органынын өкүлдөрү болуп туруп,  иштеп жаткан жана мүмкүн болуучу өнөктөштөрдүн арасында биздин ишкананын ишкердик тартиптүүлүгүнө шек келтиришти.

Бул зыянды дароо баалаганга мүмкүн эмес, бирок ал зыян абдан чон.  Балким натыйжада, биз пайданын бир бөлүгүнөн ажырап калдык, бул албетте дивидендке, акционерлердин укуктарына таасир этет.  Бизнесте мындайга жол берилбеши керек

Маегиңизге чоң рахмат, иштериңиз ийгиликтүү улансын!

Булак: Фабула 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *