Эмнеге бизнесмендер Өзбекстанга кете баштады?

Бишкек мэриясынын экономика жана инвестиция департаменти 2020-жылы командировкага эле 500 миң сом бөлдү. Мындан майнап чыгабы?” – деген соболду 2-декабрда аталган департаменттин директору Медербек Алиев Бишкек шаардык кеңешинде таштады.

Шаардык кеңештин депутаты Гүлнара Молдобаева бул командировкалардан пайда болбостугун айтты.

“Мына, 500 миң сом деп жатасыңар, андан кандай пайда? Андан көрө жергиликтүү инвесторлорду тартпайсыңарбы. Мына мени бизнесмен катары кызыктыргыла, экономикага акчамды салайын, бирок кадимкидей коркобуз – бизнес коркуп турат. Бизнеске так, ачык эреже орнотпосоңор, корко берет. 1 млн сом салганга мүмкүнчүлүк бергиле, долбоор сунуш кылгыла”, – деди БШК депутаты Т.Сагынов.

Депутат Асылбек Акылбеков муниципалитеттин негизги милдети – бизнеске тоскоол болбой, шарт түзүп берүү экендигин кошумчалады.

“Мен тааныган бизнесмендердин 70%ы Өзбекстанга кетип калды, анткени ал жакта бизнести мамлекет коргойт экен. Аларда справка алуу үчүн 2 жыл күтүп, анан 10 миң долларга сатып албайсың. Бул үчүн ал жакта башыңды жулуп салышат. Ал эми бизде бизнес же криминалга кайрылат, же укук коргоо органдарына барат”, – деди депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *