Эмнеге жакыр Кыргызстандын улуттук валютасы орус рублине караганда туруктуу?

Кыргызстан – кыйла бай эмес өлкө, миллиондогон жарандары Орусияда иштейт, мунайзат чыкпайт, айлык акылары аз. Ошентсе да, кыргыз сому КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң туруктуу валюта. Кандайча? Эң кызыгы ушул.

Бишкектин акча алмаштыруу жайында 1000 орус рублин аябай карашат – жарыкка салышат, сүртүп көрүшөт, анан кайсыл бир машинкеден өткөрүшөт. Анан терезенин ары жагындагы кыз мага бир миң токсон эки сом кайрып, тыйындарын да кошо берет. Кыргызстан – мурдагы Советтик республикалардын арасында эң кедей, жарды өлкө, 6 млн калкынын 1 млн жараны Орусияда, Түркияда жана Казакстанда эмгектенишет. Мамлекетте улам сайын тополоң менен ыңкылап болуп турат. Бирок кыргыз сому башынан эле эң туруктуу валюта. Мисалы, 2010-жылы биздин рубль Кыргызстанда бир жарым сом болчу, азыр 1 сом 9 тыйын. Ушунусуна таңгалам. Орус рублин экс-СССРдин бардык акча алмаштыруу жайларында ойноп алышат, ал эми кыргыз сому өз өлкөсүнөн башка жакта кереги да жок. “АиФдин” баяндамачысы ушул таңгалычтуу жагдайды чечмелегенге аракет кылып көрдү: эмнеге рублдин куну түшүп, а сом көтөрүлүп барат?

“Байыркы” акчаларды да ала беришет

– Бул жагдай бизди дагы таңгалдырат – Орусия менен коңшу Казакстандын экономикасы кандай күчтүү, мунайзат менен газга бай, – дейт банк адиси Эрбол Батырбаев. – Кыргызстанда андай байлык түшүбүзгө да кирбейт. Артыкчылыгыбыз эмнеде? Биз алтынды эң көп экспорттойбуз: ал негизинен Борбордук Азиядагы эң ири Кумтөр кенинен чыгат. “Алтын жаздык” биздин валютаны чөктүрбөй кармап турат – баалуу металл ар дайым баада болуп келген, чет өлкөдө жакшы сатылат. Орусия болсо алтын казуу көлөмү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда, бирок куюлмасын резервде сактайт, ордуна доллар албайт. Албетте, алтын запас абдан маанилүү, бирок менимче, Орусия рублди кыргыздардай кармаса болмок. Ошондой эле сомду Орусиядагы мигранттардын которгон акчалары да кармап турат – ал Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 25-35%ын түзөт.

Банктарда кезек күткөндөр көп: кардарлар улуттук валютада эсеп ачышат. Өлкө депозитинин жарымынан көбү – сом түрүндө, андан кийин доллар, евро, анан рубль кетет. Кыргызстанда өз акчасына ишеним артышат экен. Атүгүл 90-жылдары бул жакта Орусиядагыдай гиперинфляция болгон эмес.

“1993-жылы чыккан жыйырма сомдукту көрүп турасызбы? – дейт мага бизнесмен Саид Мээрбеков. – Мен муну менен каалаган дүкөнүмөн соода кыла алам. Банкнота качан басылып чыкканы бизде маанилүү эмес, – мыйзам боюнча аны бардыгы алууга милдеттүү”.

Туура, биздин орус туусу желбиреген жүз рублдер да 1993-жылы чыккан, аларды деле бизде ала беришет. Бирок, чындыгында, кыргыз валютасы боюнча кээ бир адистердин ойлору башкача экен, анчалык жайдары эмес.

 “Биз өтө эле жардыбыз”

– Биздин акча бирдигибиз жасалма жол менен кармалат, – дейт “Чыгыш-Батыш стратегиясы” аналитикалык борбордун башкы директору Дмитрий Орлов (Бишкек шаары). – Көпчүлүк финансисттер айткандай, кыргыз сому 4 эсе ашыкча көтөрүлгөн. Алардын айтымында, эгерде ал долларга карата кунун түшүрүп жиберсе, экономиканы тирилтип жибермек, атамекендик өндүрүш күчөмөк. Бирок шайлоо алдында сомду “ташташпайт” – Кыргыызстандын саясатчылары чукул бурулуш жасагандан чочулап турушат. Ошондуктан Улуттук банк мезгил-мезгили менен биржадан ири суммадагы долларды сатып турат, ошону менен улуттук валюта кармалат. Дал ошентип кармагаганга колдорунан келип жатат. Бирок минтип түбөлүк кармай албайсың да. Бир күнү “күрр” этип кулап түшөт.

Бишкектен таксист сурап калды: жолдон май куюп алалыбы? – деп. Мен макул болуп, АЗСке кирдик, бааларын көрүп таң калдым: бензиндин бир литри – 42 сом, б.а. 38,5 рубль – Орусиядан да арзан. Эмнеге? Кыргызстан мунайзат чыгарган өлкө эмес да? Энегоресурстар валютага чет өлкөдөн сатылып алынат.

“Бензиндин баасын да өкмөт кармап турат. Ташып келгендер менен сүйлөшүп коет, ачык эле соодалашып, суранышат, жалынышат, – дейт АЗСтин башчысы. – Эгерде бир литрдин баасын доллар менен дүйнөлүк орточо баага теңесе, анда бизде тополоң башталат”.

Баса, Кыргызстанда эки революция болгон, жакында тополоң кылуу аракети да жүрдү. Андан бери эч ким жакшы жашап кеткен деле жок – бирок саясатчылар улуттук “акчабайдын” туруктуу курсун сактап келишет: анткени массалык нааразылыктарды эч ким каалабайт.

“Дагы бир кызыктуу факт бар, – дейт күлүп экономист Нурбек Самаганов. – Кыргызстанга дүйнөлүк финансылык алааматтар таасир бербейт, анткени биз өтө жарды жана кичинекей өлкөбүз. Негизинен акча бирдиги өлкөнүн экномикасына валюта салган инвесторлор качканда түшөт. А бизден ким качат? Кыргыз заводдору менен фабрикаларын сатып алган эки бай өлкө турат – Кытай менен Орусия”.

Акча курсун шишкебек да кармап турат

Бишкекте бири-бирине ыктаган майда дүкөнчөлөр менен кафелер, өнөрканалар көп экен. Чоң Ош базарында жүздөгөн палаткалар турат, ар биринде 2-3 кишиден иштешет. Кой этинен шишкебек жасашат, сорпо кылышат, нан бышырышат, кытайдын товарын сатышат, айрылган бут кийимдерди оңдошот.

Кызыгы, булар да улуттук валютаны чөктүрбөй кармап тургандардын арасына кирет. Орто жана чакан бизнес өтө кеңири экен, тилекке каршы, ушул нерсе Орусия менен Казакстанда жок. Майда дүкөнчөлөр менен базарлардын ордун бизде килейген соода борборлору жана ресторан түйүндөрү ээлеп алган. Кыргызстанда коңшу Кытайдын системасын ооштуруп алышыптыр – анткени Кытайдын бүджет кирешесинин 27%ын дал ушул көчөдөгү арзан кафелер, чакан дүкөндөр толтурат. Кыргыз өкмөтү азыр Ысык-Көлдөгү туризмди катуу колуна алып, өнүктүрүүгө аракет кылып жатат, келген туристтер (негизинен түрктөр менен казактар) – албетте, доллар менен келишет, валютадан түшчү киреше болот бул. Кыскасы, сомду кармоо ыкмасы жөнөкөй эле экен: эң жарды, кичинекей Кыргызстан акча табуу жолдорунан качышпайт, кандай болбосун, эптеп акча табуу аракети.

“Кыргыз сомун 1993-жылы эркин агымга кое беришкен, эч качан бир алкакта кармалган эмес, – дейт банк адиси Эрбол Батырбаев. – Ал түшчү, кайра жылмышып көтөрүлчү, кыскасы, бир эле бийлеп келди да. Алгач 1 АКШ доллары – 4 сом эле. 26 жылдын аралыгында 1доллар – 70 сом болуп калды. Карасаң – аябай эле көп. Бирок коңшу Казакстанда деле 1 АКШ доллары 4 теңге эле, азыр – 389 теңге!”

Орусияда болсо (эгерде статистикага ишенсек), доллардын курсу рублге карата 1992-199-жылдары эле 137 эсе асмандап кеткен!

“Биздин мигранттар сомду да, рублди да кармап турушат, – дейт Ош базараныдагы тамашөкөй сатуучу. – Анткени силердин рублди кыргыздар үйүнө которуп жатышат, анан силер, айла жок, кайра акча басып чыгарып жатасыңар да!”

Кыргыз саясатчылары менен ар кыл өңүттөгү финансисттеринин кандай болсо да улуттук валютанын курсун кармап аткандары, суктанарлык экен. Менимче, Орусия деле рублди ар кандай ыкма менен кармагысы келет болуш керек, эң башкысы эл ишениши керек экен, а дүкөндөр 26 жыл мурун чыгарылган болсо да, ал акчаларды кабыл алып турса, канакей. Мен мындан эч кандай жамандык көрбөдүм.

Георгий ЗОТОВ

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: “АиФ”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *