Эң оор операциялар Ошто жасала баштайт

Жакындан бери Ош шаарында кыргыз-түрк эл аралык клиникасы иштей баштады. Азыркы медицинанын эң акыркы жетишкендиктерин ушул жерден көрсө болот. Аппараттардын баары Германия, Япония, АКШ сыяктуу эң өнүккөн өлкөлөрдүн өндүрүшүнөн чыгарылган. Лаборатория анализди гана чыгарбастан, кайсы дарылар таасир этерин, кайсынысы таасир этпесин да аныктап берет.

Мурун көңдөйүн, кулакты текшерүүчү аппаратта текшерүүдөн өткөндө бейтап өзү бүт процессти экрандан көрүп турат. Ал эми адистешүү жагына келсек, бул клиника дээрлик бардык ооруларды дарылайт экен. Атүгүл төрөт үйү да бар. Жалаң көздү текшерип, дарылоо боюнча эле беш кабинет иштеп жатат. Ар кандай оорунун так диагнозу көз ачып жумганчалык убакыттын ичинде коюлат. Мисалы, депутат Исхак Пирматов беш мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде көзүн, депутат Калдарбек Баймуратов кулагын текшертип, так диагнозун койдуртуп алышты. Асма уколдун ар тамчысын аппарат өзү эсептеп, азайтып, көбөйтүп турат. Бейтаптар жаткан кроваттар да автоматташтырылган. Пациенттин каалоосуна, ыңгайына жараша кнопка менен өйдө, ылдый болот. Мындай шартты, мындай аппараттарды жөнөкөй эл эмес, али врачтар да көрө элек. «Өткөндө облус боюнча врач офтальмологдорду чакырып көрсөтсөк, баары таңкалышты. Азыр бизге кошуна Өзбекстандын Анжиян облусунан да бейтаптар келип жатышат, – Биздин максат – чет өлкөлүк пацинеттерди кеңири тартып, медициналык туризмди өнүктүрүүгө багыт алуу. Бизде Түркияда бөйрөктү которуу боюнча жүзгө жакын операция жасаган врачтар иштешет. Андыктан, келечекте бөйрөктү плантация кылуу боюнча да пландарыбыз бар» дейт клиниканын кыргыз тараптан башкы врачы Тууганбай Өмүрзаков.

Компьютердик томография аппаратын бул оорукананын сыймыгы десек аша чапкандык болбос. Американын «Дженерал электрик» корпорациясы тарабынан чыгарылган мындай заманбап аппарат Ошко биринчи келди. Аны менен бүт денени, тамырдан баштап сөөккө чейин текшерүүдөн өткөзсө болот. Анын бир өзгөчөлүгү – эч кандай зыяны жок, атүгүл боюнда бар аялдар да түшсө болот. Мурдагы эски аппараттарда текшерүү жарым саатка чейин созулса, мында он эле мүнөттө бүтөт. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, операция жасалган соң врачтар бейтапты «эми эмне болсоң ошо бол» деп таштап коюшпайт экен. Бейтап атайын палатага чыгарылып, өзүнө келип, айыга баштаганга чейин врачтардын көзөмөлүндө болот. Палаталардын биринен биз бутун дарылатып жаткан картаң кемпирди көрдүк. Башка врачтар анын бутун кеспесе болбойт дешкен экен. Бирок, бул жердин врачтары анын бутун кеспей эле сактап калышыптыр. Ооруканага коляска менен келген кемпир бир жуманын ичинде баса баштадым деп сүйүнүп отурат.

Албетте, жомоктогудай шарттарынан улам «бул жерде дарылоонун баасы канча болду экен?» деген суроо туулат. Саламаттык сактоо тармагындагы коррупцияны, мамлекеттик ооруканаларда деле бейтаптар оңбогондой акы төлөшөрүн эске алганда, кыргыз-түрк клиникасындагы баа анчалык деле кымбат эмес. Күнүгө 2100 сомдон төлөш керек. «Операциялардын баалары азырынча так аныктала элек. Бирок, өтө кымбат эмес, жергиликтүү эл көтөрө ала турган баа коюлат» дешти врачтар.

Тууганбай Өмүрзаковдун айтымында, ооруканада 150 адам иштейт. Анын 20 пайызы эле түрк врачтары, калгандарынын баары өзүбүздүн жарандар. «Бара-бара тажрыйба алышкан соң бүт өзүбүздүн врачтар тейлей баштащат» дейт башкы врач.

Керим Элебесов, Ош шаары

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *