Эне тилде “Сайдулла кошомат” деген жаңы сөз кирди

Кыргыздын мансапкор, жеткен кошоматчыларынын эң алдында депутат Сайдулла Нышанов чыкты десек жаңылышпайбыз. Бул адамга айла жок экен. Чынында: “Мага десе, көчүгүмдү бөрү жесин, иши кылып бийликте туруп, элге акыл үйрөтүп, бакылдап турсам болду” -деген сөздү башкы ураан кылып алган окшобойбу. Анын мындай аракети классикалык кошоматтарынан көрүнүп эле турат. Эске салсак, Нышанов Атамбаев ажолукту өткөрүп берип жатканда ага Кыргыз Эл баатырын берүүнү демилгелеген эле. Бирок анысын унутуп калып, азыр ойду-тоону сүйлөп жүрөт. Азыркы ажого да укмуш жагынат. Эми болсо баш-бакан Абылгазиевди “эң мыкты премьер-министр ”- деп бакылдап турат. Эртең өкмөт башчы кызматтан кетсе, дагы эле ойду-тоону сүйлөй турганы бештен белгилүү. Кыскасы, калыстык, чындык дегенден алыс жашагандар аман эле болсунчу.

Булак: «Багыт»

2 comments

  • Муктар says:

    Сайдулла жаман ойлу адам. Мансап десе, атасыны да сатат. Ал мансап үчүн иниси Манас менен азырга тарынышып жүрөт. Анда дос, тууган деген тушүнчөлөр жок эсе. Керек убагында ойлонбостон сатып кетет. Андан этият болгула.

  • Муктар says:

    Сайдулла жаман ойлу адам. Мансап десе, атасыны да сатат. Ал мансап үчүн иниси Манас менен азырга чейин араздашып жүрөт. Анда дос, тууган деген тушүнчөлөр жок эсе. Керек убагында ойлонбостон сатып кетет. Андан этият болгула.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *