Эрдоган Батышты коркутту

Түркиянын президенти Реджеп Эрдоган Сириянын түндүгүндөг түрк аскерлеринин операциясына сөз тийгизген Евробиримдиги менен араб өлкөлөрүн сындады.

Ал телекайрылуусунда эгерде Евробиримдик түрк операциясын мыйзамсыз кол салуу деп эсептесе, анда Түркия ЕБ тараптагы чегараны ачып, Европага 3 миллион качкынды коё берип жиберерин айтып коркутту.

Ошондой эле Египетти сынга алып, президенти Абдель Фаттаха ас-Сисини “өлкөдөгү демократияны өлтүргөн жаналгыч” атады. Сауд Аравиясын Йемендеги бейкүнөө адамдардын апаат болгонуна күнөөлөдү. Ошондой эле Эрдоган ИГИЛди регионго жолотпой тургандыгын, чөлкөмдүн баары түрк аскерлеринин көзөмөлүндө болушу керек экендигин белгиледи.

Түрк президентинин айтымында, бир күндүн аралыгында күрд куралдуу түзүмдөрүнүн 100 жоокери өлтүрүлгөн. Түрк аскерлери 10 айылга кирип барган. Күрддөрдүн куралдуу түзүмдөрү Түркияга коркунуч туудурарын унутпагыла дегендей сөөмөй кезеди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *