Эргул Сабиров Шухрат качан ойгонот?

Өлкөдөгү товарларга болгон баалардын өсүш темпин көзөмөлдөгөн атайын орган бар, ал Өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги деп аталат. Бул кызматта Б.Жээнбеков отурган кезде бир топ иштер жүрүп, ачык-айкын саясат жүргөн эле. Баалар турукташып, күнүмдүк керектелүүчү азыктарга болгон нарк бир нече иретке түшкөн эле. Азыр аталган кызмат чээнге киргендей болуп, жым-жырттык басты. Баалар көтөрүлүүдө. Маселен күйүүчү жана майлоочу дизель отундары көтөрүлүүдө. Кой-ай деген эч ким жок. Тийиштүү органдар жана активдүү жарандар май куюучу бекеттердеги алдамчылыктын бетин ачышууда, тилекке каршы монополиянын жетекчиси Сабиров Шухраттан үн чыга элек. Чамасы терең уйкуда жаткан окшойт. Бул эргул качан ойгонот?

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *