Эркин Асрандиев: “Мындан ары азык-түлүктү, медициналык каражаттарды жана газ баллон сыяктуу күйүүчү заттарды ташуу жаатында маселе жаралбайт”

Бүгүн, 26-март күнү коронавирус пандемиясына байланыштуу  өкмөттүн брифингде вице-премьер министр Эркин Асрандиев жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берүүдө.

“Учурда өлкөнүн көпчүлүк аймагына өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу товарларды ташуу боюнча маселелер жаралууда. Бул ишти жүргүзгөндөр коменданттын буйругунун көчүрмөсүн айдоочуга бериши керек, ошондой эле айдоочуда маршруттук баракча, уруксат берилген товарларды ташып жаткандыгы тууралуу справка болсо, тоскоолдуксуз өткөрүлөт. Мындан ары азык-түлүктү, медициналык каражаттарды жана газ баллон сыяктуу күйүүчү заттарды ташуу жаатында маселе жаралбайт. Баары тоскоолдуксуз өткөрүлөт. “, – деди Асрандиев.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *