Эркин Болотбеков аттуу шылуун жигиттин Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов менен “ишкерлик” аракеттери эмнеге текшерилбейт?

Азыркы актуалдуу жагдайга тереңирээк көңүл бурсак, анда коррупциялык кылмыштар катары козголуп, алды бир жылдан ашып, арты жарым жылга чукулдаган чуулгандуу соттук териштирүүлөрдүн фиништик этаптарынын жазгы саясий митингдерге, айрым региондордогу коомдук-саясий активдешүүлөргө дал келүүсү эч кандай кокустук деле эместей сезилет. Ушул кезге чейин абдан создуктуруп (айрыкча өткөн жай жана күз мезгилинде), соттук отурумдарга ар кандай шылтоолор менен барбай коюп, же ооруп калып, ооруканада олуттуу операцияларды жасатып, бирде адвокаты ооруп калып, же сотко жана адвокаттарга “отвод” беришип, алардын алмашуусун талап кылышып, айтор, убакытты мүмкүн болушунча создуктуруп келишкен соттолуучулар соңку учурларда ашкере активдешип, алтургай “элпек” балдардай боло калышканы байкалууда…

Сыягы, сотто коргонуу, актануу ж. б. андан аркы жасала турган багыттар боюнча тактикалык-стратегиялык пландар дыкаттык менен иштелип чыккан сыяктанат. Сот өкүмү жарыяланары менен эле, алардын жакын туугандары жана тарапкерлери деп аталган кара таандай каптаган, ар кандай чачкын топтордон куралган митинг-пикеттер токтобой уланбаса болгону…

Ал эми, адегенде соттолгондордун жакын туугандары, жердештери-уруулаштары катары чыгышкан адамдарга көчөдөгү оозун ачкан “зевакалардан” баштап, ар кыл социалдык курамдагы, ар кыл курактагы адамдар улам убакыт өткөн сайын табигый түрдө кошула беришерин Кыргызстанда өткөн эки жолку “революция тарыхы” тастыктап турат!..

Ар кандай багыттагы, жана өздөрү да эмне үчүн чогулушканын билбеген, кокусунан катышкан түркүн-түстүү күчтөр деле митинг трибунасын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кыла берери кечээ жакында эле өткөн “антикытайлык митингде” ачык көрүндү. Адегенде алардын уюштуруучулары үч гана талап менен чогулуп жатышканын белгилесе, кийинчерээк улам жаңы чыгып сүйлөгөндөр кошуп коюуну суранып жатышып, жалпы талаптардын саны ондон ашып да кеткендей болду…

Азыркы кезде бир жылдан бери жасаган иши такыр көрүнбөй жаткан Өкмөтүнүн дарегине каршы айтылган сындар, ар кандай коомдук трибуналардан аткаруу бийлигинин дарегине карай улам күчөп бара жаткан чабуулдар дагы жөн эле стихиялуу түрдө чыгып жатпаганы түшүнүктүү. Демек, ошол чачкын жана башаламан, стихиялуу коомдук кыймылдарды да өз кызыкчылыгына пайдаланууга умтула турган күчтөр да арбын.

Коррупция менен күрөшүү лозунгу кайрадан учурдагы эң эле популярдуу саясий чакырыктардын бирине айлана баштагандыгы бекеринен эмес. Бул тенденция коомдук-саясий аба-ырайынын байкалбастан чыңалып бара жаткандыгынын барометри болуп саналат.

Кечээ жакында мен «легендарлуу парламенттин» төрагасы, таанымал саясатчы Медеткан Шеримкуловдун китебин окуп калдым. Коомчулукка алиге чейин кеңири белгилүү боло элек, мурда анча байкалбаган көп фактыларга көңүл бурдум. Коомчулукта алиге чейин «легендарлуу парламент» “Кумтөр” маселесин козгоп, бекем турганы үчүн өз башын өзү жеген деген пикир басымдуулук кылып келет. Көрсө, ал маселеден да курч болгон жана да жаңыдан гана арам жолдор менен “капиталдашып”, байый башташкан, эми гана калыптана баштаган “коррупциялык-номенклатуралык ажыдаардын” куйругун да кошо баскан тура!..

Ошол акаевдик кымгуут-тоз-тополоңдо, баары астын-үстүн болуп жаткан башаламан доордо приватизация жараяны башталып, ошол кездеги эң мыкты автомашина деп саналган “Волгаларды” 125 сомго, ошол учурдагы эң заманбап стилде, жалаң гана райкомдор жана областтык деңгээлдеги чоңдор үчүн салынган (азыркы бааасы 300–500 миң долларды чапчый турган!) заңгыраган особняк-үйлөрдү 300 сомго менчиктешитирип алгандар болуптур. Анан, албетте, «легендарлуу парламент» аларга каршы комиссия түзүп, былыктарын каза баштаса, аларды жактырышмак беле?!

Дал ушул сыяктуу эле коомчулуктагы карама-каршылыкты курчуткан маанай учурдагы Бишкек ЖЭБиндеги кытай кредитин ойкелди чачкан чоң топтун жана да экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун айланасында жаралууда. Соттун эң соңку чечими кандай болоруна карабастан, эки тараптын тең “аргументтери” азыртан эле белгилүү. Азыр сот скамейкаларында олтургандар ачык айтышпаганы менен да, алардын баарын ич күптү кылган: “Эмне, мамлекетти жалгыз эле биз эле уурдап-тоноп атыптырбызбы? Эми биздики бир “мелочь” да? Эмне үчүн бизге салыштырмалуу он-жүз эсе көп уурдагандар соттолбой, эми биз эле жооп берип калышыбыз керек?!” — ​деген сыяктуу “таарынычтуу” дооматтары бар экендиги түшүнүктүү…

Депутат Каныбек Иманалиевдин парламент трибунасынан Бишкек ЖЭБине байланыштуу кылмыш ишин Кумтөр аферасынан кийинки эле экинчи афера деп аташы аргасыздан ирониялуу жылмаюуну гана пайда кылбастан, кошумча көп суроолорду жаратышы турган иш. Дал ошол кылым аферасы жасалып жаткан учурда президенттин пресс-секретары болуу (мындайча айтканда, президенттин оң колу болуп, анын үнүн жана позициясын коом менен байланыштырып турган күч болуу) — ​моралдык жоопкерчилик дегенди мындай эле коелук, жок дегенде коррупция менен күрөшүүгө тоскоолдук кылбай тургулачы деген сыяктуу ойлорду жаратары шексиз.

Азыркы учурда, “апрель революциясынан” кийинки доордо, мурда жабылып калган көптөгөн кылмыш иштеринин кайрадан козголуп жатышы коомчулукта абдан зор колдоо таап жаткандыгы дагы кокусунан дал келүү эмес. Себеби, баягы эле «легендарлуу парламенттин» башын жеген приватизациянын эң соңку доору дал ушул учурга туш келген. Болгондо да, мурда менчиктештирүүгө батына алышпай, айбыгып келишкен эң эле каймактуу жана да эң эле өкүнүчтүүсү — ​мамлекеттик казынада анча-мынча болсо да калган, эң акыркы калган, “жылт-жулт” эткен “майлуу” тармактарда ишке ашкан. Алардын айрымдарын атай кетсек да болот: “Эркин-Тоо” басма комплекси, “Бишкек” арак заводу… Ал эми борбордон сырткары, регионалдык аймактарда кандай “булганыч” иштер жасалды, алардын канчасы укук коргоо органдарынын кайырмагына илинди, а канчасы көз жаздым бойдон калды — ​муну бир гана Кудай өзү билбесе, башка эч ким так аныктай да албайт. Башкача айтканда, мамлекеттин казынасын, байлыгын уурдап-тоноо “өнөктүгү” тез аранын ичинде “ийгиликтүү” ишке ашып, эми какшып калган казанды тегеректешкен муундардын кезеги келди.

Парламентти өз мөөнөтүнөн мурда таркатуу аракетинин да, өкмөттү отставкага кетирүү аракеттери менен бир эле учурда көбөйүп жатышы да символикалуу факт. Азыркы кыргыз коомунда бир дагы бийлик бутагы жалпы элдин кызыкчылыгын коргоп, алардын аз да болсо колдоосуна арзыбайт. Болгондо да, жер үстүндөгү адилеттикти орнотуу ваыйпасы тагылган сот органдарынан баштап, аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтеринин баары тең элге эбак эле жек көрүндү боло башташкан. Аларга салыштырмалуу, эл арасында ар кандай коомдук кыймылдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын сөздөрү өтүмдүү болуп жатканынын бирден-бир себеби да дал ушул жагдайлар болууда.

Акыркы саясий жагдайлар жана коомдук маанайлар парламенттин өзүн өзү таркатуусуна алып келиши мүмкүнбү? — ​деген суроонун актуалдуу боло баштаганын да билдирет.

Эми башкалар жетишпей калгансып, бул кыймылга “түбөлүк революционер” атыккан Топчубек Тургуналиевдин да катыша баштагандыгы көп али жабык жаткан сырлардын бар экендигин каңкуулап турат. Ал жакында “Коррупцияга каршы күрөшүү” деп аталган коомдук кыймылдын (жазуучу Мелис Абакиров, журналист Нарын Айып жана башкалар менен бирге) өткөргөн пресс-конференциясында 10 депутатка каршы козголгон кылмыш иштери бар экендигин айтып, жакында спикерге барып, алардын эмне үчүн парламентте олтурушканын сурап талап кылабыз деп билдирди. Дагы башка бир депутаттын маалыматы боюнча, андай “кылмыштуу издери” бар депутаттардын саны 24кө жетиптир!.. Кандай болгон күндө да, “апрель революциясынан” кийин Токой-чарба агенттигин жетектеп, андан соң Манастаануу институтун башкарып келе жаткан (соңку кездерде “Манас академиясын” жетектөөгө карай талпынып жаткан) бул “универсал” бийчи-танцор, чуулгандуу коомдук-саясий ишмер, сыягы, 10 жылга жакын созулган “түрмө университеттеринде” өзүнүн юридикалык сабатын (арийне, демейде түрмөдө узак убакыт бою олтурган, адис-кылмышкер атынгандар кылмыш-жаза кодексин куранды билгендей эле жатка билишет дешет эмеспи!?) деле жоюуга үлгүргөн эмес окшойт деген шек жаралат. Болбосо, мынчалык алешемдикке барбас эле… Себеби, юридикалык “презумпция виновности” деген түшүнүк боюнча алып карай турган болсок, кылмыш иши козголсо да, соттун айыптоочу эң соңку өкүмү чыкканга чейин эч кимди кылмышкер деп атоого болбойт. Арийне, Тургуналиев сыяктуу “силерге козголгон кылмыш иштери бар экен, кеткиле!” — ​деген талаптар да коомчулукту хаоско чөктүрүп гана тим болот.

Кыскасы, коррупция менен күрөшүү, тазалануу процесси дагы бир гана мыйзамдуулуктун алкагында жүрүп олтурушу керек. Ансыз анархияны жаратып, андан соң такыр башаламан болуп, калк үчүн авторитет болгон бир дагы мыйзамдуу бийлик бутагы калбай калган коомго айлануу оңой.

Азыркы кезде биз ушундай өтө татаал, абдан курч, карама-каршылыктуу доорду баштан кечирип жатканыбызга карабастан, коомчулукта оптимисттик маанайды жарата турган айрым көрүнүштөрдүн бар экендигин танууга болбос. Маселен, кечээ жакында “НТС” телеканалынан журналист Бермет Букашеванын коомчулук арасында популярлуугу улам күчөй баштаган “Секреты власти” берүүсүнө катышкан Адил Турдукулов сыяктуу жаштарыбыз көбүрөөк болсо, тез эле болбосо да, аз-аздап оңолуп, өнүгүүнүн оң жолуна түшө алабыз го деген үмүттөр жангансыйт. Туруктуу жана бекем позициясы бар, өтө логикалуу ой жүгүртүүлөрү бар, а эң башкысы — ​мекендин өнүгүшүнө карата сергек көз карашы бар, чын-дилден күйгөн ойлор арасынан зор кызыгуу туудура турганы — ​Эркин Болотбеков аттуу шылуун жигиттин убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов менен бирге жүргүзгөн “ишкерлик” аракеттери укук-коргоо органдарынын да кызыгуу предметине айланышы зарыл. Жеткире иликтеп, ак-карасы такталмайынча, коомчулуктун арасында тек гана айтылып калган ойлор күбүр-шыбыр сөздөрдүн жана ушак-айың деңгээлиндеги ойлордун көбөйүшүнө гана өбөлгө түзөт.

Ансыз деле “апрель революциясынан” кийинки айрым эпизоддорго коомчулуктун башы алиге чейин маң болуп келүүдө. Айталык, Сапарбек Балкыбеков аттуу электроэнергия тармагынын мурдагы жетекчилеринин бири Европа өлкөлөрүнүн биринен башпаанек таап эле тим болбой, өзүнө бир аралды сатып алыптыр дешкен. Бул чынбы? Дегеле ар бир укум жердин баасы алтынга барабар болгон Европада аралды сатып алуу канча каражатты талап кылат? Кыргызстандын казынасынын олчойгон бөлүгү кеткенби? Бул суроолор алиге чейин жоопсуз бойдон калууда…

Эгерде Адил сыяктуу патриоттуулук сезимдери күчтүү, мекен дегенде күйүп-жанып, эч нерседен коркуп-жалтанбаган, жана да өз кызыкчылыктарын унутуп, өзүнүн жеке керт-башынын көйгөйлөрүн арткы планга таштаган уул-кыздарыбыз көбөйө баштаса, учурдагы социалдык-экономикалык кризистин сазынан чыгуу үчүн оң шарттар түзүлө берет. Эртең болбосо бүрсүгүнү, бүрсүгүнү болбосо — ​андан кийин, акырындап, биздин өлкөдөгү коомдук аң-сезим да жетилип, бардык өнүккөн, прогрессивдүү коомдордогудай сымал эле, бизде да коомдун өзүн-өзү тазалоо, терс көрүнүштөрдөн арылуу сымал процесстери өзүнөн өзү эле табигый мүнөзгө өтө баштары бышык.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *