Видео – Эркин Мамбеталиев белекке берген 2 джипти ИИМ кайра өзүнө, артка кайтарып берди

Бүгүн, 9-октябрда Эркин Мамбеталиевге ал 7-октябрда Баткенде жайгашкан ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүнө белекке берген Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү 2 джипти артка кайтарып беришти.

Эсиңиздерге сала кетсек, Эркин Мамбеталиевдин 7-октябрда Баткенде жан сакчылары менен жүрүп, ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнө 2 джип белекке берип жаткандагы фото жана видео материалдарды кечээ, 8-октябрда жарыялаган элек.

Ал маалымат жарыяланары менен коомчулукта резонанс жаратып, кызуу талкууга түшкөн. Аткени Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев 2008-жылы КР Жогорку соту тарабынан КР Ички иштер министрлигинин полковниги Чыныбек Алиевди жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев баштаган 8 кишини өлтүргөн деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган эле. Бирок 2010-жылы Атамбаев бийликке келери менен аны бошотуп алган.

Коомчулуктун ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кылган ызы-чуусунан кийин ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 8-октябрдын кечинде “Биз ал 2 джипти белекке алган эмеспиз. Аларды текшерүү үчүн кармаганбыз. Алар чынында эле Эркин Мамбеталиевдин машиналары” деп актанган.

Бирок кечээ жарыяланган фото жана видеоматериалдарда ИИМдин кызматкерлери Эркин Мамбеталиевдин алдында тизилип катарда турушкан. Аларга Эркин Мамбеталиев эки алаканын жайып бата берип жаткан. Джиптерди кармаганда милиция кызматкерлери Эркин Мамбеталиевдин алдына катарга тизилип кармашмак беле? Кармаган адамдарга Эркин Мамбеталиев бата бермек беле?

Бүгүн, 9-октябрда ИИМ “Эркин Мамбеталиевдин 2 джипи терезелерин караңгылатып алганы үчүн айыппул салынып, кайра өзүнө кайтарылып берилди” деп билдирүү таратты.

 

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *