Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Урмат Самаевдин ишине президент реакция жасашы керек”

Токмоктогу окуя аябай чуулуу окуялардын бири болду. «Ал жакка тиешеси бар» деп Жогорку Кеңештин өкүлү Урмат Самаевдин аты аталып жатат. Эми бул ишке депутаттын чындап тиешеси барбы же жокпу баары ачыкталаар бекен?

– Бул окуянын артында көп иштер былгып жаткансыйт. Эгер ал окуя ачыкталбай калса, элдин парламентке, президентке болгон ишеними жоголот. Эл бийликке ишенбей калса, мамлекет үчүн уят нерсе. Ишенбеген мамлекет – өнүкпөгөн мамлекет болот. Бул жерде жөнөкөй адамдын аты аталган жок, кыргыз парламентинин жүзү болгон, мыйзам чыгарган органда отурган депутаттын аты аталып жатат. Эгер күнөөсү болсо бул кишини жоопко тартуу керек. Күнөөсү жок болсо башка сөз. Бирок жөндөн-жөн анын аты айтыла бербейт. Урмат Самаев ал жакка барганын күбөлөр айтып жатат. Видеого түшүп калганы, «Чемпион» деген каймана аты бар экени да кантип жашырышат? Президент бул ишке реакция кылыш керек. Укук коргоо органдары да кылдат иштеп, күнөөсү болсо жоопко тартпаса, бизге таптакыр ишеним жоголот. Карапайым эл «ушундай адамдар бийликке келе берет экен. Контрабанда, коррупция улана берет экен» деп таптакыр шаабайы сууйт. Көпчүлүктүн, айрыкча жаштардын миграцияга кетип жатканы Кыргызстандын келечеги жок деп үмүттөрү үзүлгөндөн да көбөйүп жатат. Келечеги жок деген таптакыр ишеним жок деген сөз. Анын жүзү жарык болсо, парламентке келип элдин алдында эркин микрофонду колдонуп, «менин эч кандай күнөөм жок, күнөөм болсо ачык изилдешсин» деген сыяктуу жигиттик сөзүн айтышы керек.

– «ЖК депутаттарынын көбү кылмышкерби?» деген аргасыз ойлор айтылып жатат…

– Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Парламенттеги депутаттардын жүрүм-туруму, иш-аракеттери туура эмес жагына чыгып калып жатат. Мунун баарына эл өкүлдөрү партия аркылуу шайлангандары себепкер. Өткөн жылы эле дагы бир депутатыбыз Дамирбек Асылбек уулу кармалып, Казакстанда соттолуп отурат. Бир эле өзүбүздүн өлкөгө эмес, демократиялуу укуктук өлкөлөр үчүн уят болуп, жер карап отурабыз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *