Эрлан Жамгырчиев: “Акаевдин 75 жылдык тоюна барып, жакшы сый көрдүм”

Эрлан иним жыл тогошкон маалда Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин 75 жылдык салтанаттуу иш-чарасына катышып келди. Кыргызстандан саналуу гана адамдарга чакыруу кагазы жиберилгенин, ал жерде көбүнчө мартабалуу коноктор болгонун жана иш-чара эртеси кыргыз дисапоралары ортосунда өткөнүн кошумчалай отурду.

-Эрлан, Аскар Акаевдин 75 жылдыгына кандайча барып калдың?

-Эң оболу бир нерсеге токтолоюн. Акыркы 3-4 жылда кинотасмаларга продюсерлик кылып жүрөм. Анын ичинен соңкусу болуп “Токтогул” деген кыскаметраждуу тасмабызды “Дом кинодо” жабык көрсөтүү кылган элек. Ошого коомдук ишмер Болот Жанузаков келген эле. А киши менен бир топко баарлаштык. Тасмадагы Токтогул атабыздын тагдыры, мекенди сагынганы, чеккен азабы тууралуу. Кепти улай “эмнеге биздин тунгуч президентибиз Москвада жүрөт, мекенине келсе болбойбу?” деген элем. Дагы бир-эки жолу кездешип, сүйлөшкөнбүз. Аз өтпөй эле жердешим, оор атлетика чемпиону, эмгек сиңирген машыктыруучу Үсөнкан Майназаров экөөбүзгө чакыруу кагазы келиптир. Менимче, бу жерде Болот Жанузаков агабыздын кийлигишүүсү болгон окшойт.

-Кыргызстандан дагы кимдер барды, кай жерде өттү? Таластыктар тай сойдубу?

-Москва шаарында Зураб Церетелинин искусство галереясы аталыштагы музейдин ресторанында болду. 300 жылдык тарыхты камтыган эстеликтерди көрдүм. Абдан таасирдүү. Экөөбүздөн тышкары, Кыргызстандан мурунку Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев, укук коргоочу Токтайым Үмөталиевалар чакырылыптыр. Мындан сырткары МГУнун   ректору Виктор Садовничий, алпаруучу, академик Роберт Нигматуллин, дагы бир топ замандын алдыңкы илимпоздору жүрдү. Церетелиде тамагынан табагы көп экен. Европалык үлгүдө экени көрүнүп турду. Эртеси диаспоралар чогулган “Маэстро” ресторанында сый тамак уюштурулуп, кадимки эле кыргызча жылкы союп, бешбармак тартылды.

-Аскар Акаевдин өзү менен жолугуп сүйлөшө алдыңызбы?

-Бала кезде бир жолу көрдүм эле, андан бери бетме-бет кездеше элек болчумун. Сүйлөштүм, СССРдин эл артистери Кайыргүл Сартбаева менен Самарбүбү Токтакунова эжелердин салам дубасын айттым. “Эки эжебиз келе албай калды. Алар Майрам эже менен сизге эң ириде ден соолук каалады” дедим. “Токтогул” тасмасында тартылган комуздун үлгүсү менен жаңы комуз белек кылдым. 26-декабрь күнү кылы тагылып, 27синде Москвага учуп кеттик. Аскар Акаевичке күтүлбөгөн белек болду. Өзүмдүн эң жакын туугандарымдан үчөө илимдин доктору, бир тууган иним кандидат экенин айтып бердим. Өзүнүн китебин кол тамгасы менен тапшырды. Жакшы сый көрдүм.

-Аскар Акаевдин балдарынан кимдерди көрө алдың? Майрам эжени бийге чакырдыңбы?

-Баары эле келишиптир. Айдарды, Берметти тааныдым. Калгандарын тааныбайт экенмин. Бир столдо куда-сөөктөр менен бирге отурдук. Ашыкча кыймылдоодон тартындым. Менден улуу, урматтуулар болду.

– Продюсер болгондон кийин Аскар Акаев жөнүндө кино тартуу жактары ойго келдиби?

-Чыгармачыл адам болгондон кийин андай ойлор болбой койбойт экен. Бирок, Акаев тууралуу даректүүбү же жарым-жартылай көркөм кино жаратыш кыйынга турарын сездим. Эмнеге дегенде, а кишинин андайга убактысы болчудай эмес. Анүчүн Аскар ага менен көп сүйлөшүп, жакындан билип, тереңден таанып, көп убакыт бою жанынан чыкпаш керек. Андайга убактысы, шарты жоктой сезилди. Бирок, качандыр бир бу киши жана үй-бүлөсү тууралуу кинотасма тартууну ойлоп атам…

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *