Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссер: Кыргызым!
КООМ ММК Дайджест

Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссер: Кыргызым!

УЧУР

Мен тарбияланып, өсүп, адам катары калыптанып аткан заманда Кудайды жомок катары кабыл алып, материалисттик көз караштын негизинде жер бетинде беиштүү мамлекет курулат деген кыял менен жашап келдик. Горбачевдун “Кайра куруу жана эркин сөз” шарапаты каптаганда буга чейин жок эседе жүргөн маалыматтар көчкүдөй агып келип Советтер Союзунун таш талканын чыгарып, күтпөгөн пенделердин жан дүйнөсүнө Кудайдын барлыгын даңазалады. Тарпты туйган жорулардай болуп дүйнөнүн ар кайсыл бурчтарынан буркан-шаркан түркүн диний селдери каптады. Жаңы кудайлардын кубулжуган жүздөрүнө азгарылган эл “0” дүйнөнүн “бейишинен” жайларын брондоп аткан учурда, мурдагы коммунист жана комсомолдор элге таандык материалдык байлыкты менчиктештирип, бул “жалган” дүйнөгө ээлик кыла башташты. Ушундай парадкско күбө болдук: Кудайдын жүзү көрүнөөрү менен элге ачкачылык келди. Мечиттер менен чиркөөлөргө чөгөлөгөн сайын, жүрөгүбүздү америкалык доллардын “албарстысы” басты. “Аллах Акбар” деген ураандары менен бейкүнөө адамдарды жардырган, аткылаган, кескилеген өлтүргөчтөр пайда болду. Эзели сүт, айран, кымызды сатпаган кыргыз базар экономикасына башын ийип акты соодалап “өлбө жаным, өлбө” деген акыбалга кептелди.

Интерфакстын маалыматына таянсак дүйнөнүн 82 байлыгы бүгүнкү күндө адамзаттын 1 бөлүгүнүн менчигине өтүп кеткен. 2009 жылы адамзаттын жарымы (3,7 млрд.) ээлеген каражаты 380 адамдын ээлеген каражатына тете болсо, бүгүнкү күндө ошончо каражат 42 адамдын кана капчыгындагы капиталына айланган. Ошол 42 адам демократиялык саясий формацияда, сөз эркиндиги орногон коомдо, экономикасы калыстыка калыптанган системада, дин ишеними Кришна, Будда, Муса, Иса, Мукамбет пайгамбарларды пир туткан мамлекеттерде баш калкалашат. Эми өзүбүздүн эле айлана-чөйрөбүздү карап көрөлү. Кайда барбасаң “миллионерче ойлон”, “өзүңдү миллионерче алып жүр”, “бирөөнө кул болбо”, “мен баймын деп кайталай бер” деген бизнес-тренингдер, онлайн сабактар, сетевой маркетингднр кыргыздын күнүмдүк жашоо тартибин ээлеп алган. Ал эми канчалык көп каражатың болсо, ошончолук сый-урматка, бийик даражага ээ болосуң деген түшүнүк – бул турмуштун кадыресе аксиомасы. Канчалык калыс, мээримдүү, кайрымдуу, элдик, өнөрпоз адам болсоң, ошончолук жакырсың, ошончолук көз карандысың, ошончолук тепсендисиң. Бул кашкайган чындык. Бул чындыктан эч жака качып кутула албайсың.

КИМ ЭЛЕК?

Совет доорунда Кыргызстандын тарыхы сабак катары мектептерде да, жогорку окуу жайларда да берилчү эмес. Биз окуп билген тарых СССРдин тарыхы деп аталчу, бирок башынан аягына чейин орус элинин таржымалын жаттап айтып бергенибизге жараша бааланчубуз. Кыргыздар жөнүндө сурамжылай турган болсок, тоодо көчүп жүргөн жапайы калкты совет бийлиги окутуп, чокутуп, билим менен илимге сугарып эл кылганын тушүнүп, ишенип Коммунизмди куруп келгенбиз. А бирок ошол эле учурда манасчылардыбыздын түгөнгүс дастанына сүңгүп, комузубуздун дирилдеп чыккан күүлөрүнөн кыялданып, боз үйүбүздүн кыналган кереметине суктанып, элибиздин аяр пейилине ырахаттанып, кыргыз болгонубузга ичибизден сыймыктанчубуз. Ушул эки кубулуштун жуурулушканынан чыга келди да Чыңгыз Айтматов, кыргыздын профессионалдуу өнөрканасы, заманбап илимий чөйрөсү. Ар бир доордун таасиринин жакшы менен жаманын талдап, иргеп билүү бул акыл эстүүлүктүн белгилери. Ал эми жакшы менен жаманды айрып билүүнүн бир эле ыкмасы: эмне сени өстүрсө ошонун баары жакшы, эмне сени чөктүрсө ошонун баары жаман. Тилеке каршы бугүнкү күндө жакшы менен жамандын чынжырлары чаташып өсүү менен чөгүүнүн түшүнүктөрүн айрып билүү да кыйындыка туруп калган. Мамлекеттин өсүүсү калкынын акыл эстүүлүгүнөн эмес, экономикалык көрсөткүчтөрдөн өлчөнүп калса, жеке адамдын өсүүсү анын үйлөрүнүн жана машинелеринин саны менен бааланат. Ооба, илгери деле эшекти атка алмаштырып, анан бир аздан кийин күлүктү минип калсаң эл айтмак, а, бул бала өсүп атыптыр деп. А бирок ата бабаларыбыз минген атыңдан мурун сүйлөгөн сөзүңө, жасаган ишиңе жараша мамиле кылышчу. Бүгүн сен ак көңүл, боорукер, калыс, сыпаа, ийкемдүү, көрөгөч, туйгуч, акылман болуп, бирок жашооң карапайым болсо эч ким сени сыйламак турсун көзүнө илбей да калат. Ошондон улам бир суроо туулуп атат. А биздин ата-бабаларыбыз чын эле ак пейил, айкөл, жароокер, кайраттуу, эр жүрөк болгонбу? Деги өткөн чак, байыркы заман, тарых деген тушүнүктөрдүн төркүнү кайсыл жерде? Дегеле биз окуп билгендей, Википедияга жазылгандай, илимпоздор далилденгендей тарыхыбыз чындыкка дал келеби?

Эми кезек келди окшойт төмөнкү суроолорго жооп издегенге: Эмне деген мурас? Эмне деген “сотворение мира в звездном храме”? Албетте бул нукка салынган сүрөттөмөнү менин жеке пикирим, көз карашым, ой толгоом, туюмум менен келтирилип атат. Бирок ар бир сүрөттөмөнүн алдында тарыхый маалыматтар, илимий негиздер, эзотерикалык , логикалык корутундулар турат. Башында эскерилип кеткен логистиканы колдонуу аракети десем да туура болот. Кыясы бүгүн адам баласы Кудайдын жаратмандыгына шек саноодон алыс болсо да, К-дайдын барлыгына ишенип, тайынып, сыйынып, таазим эткени менен, жүргөн-турганы, кыймыл-аракети, ой-санаасы, сезим-туюму, тулку-мүнөзү менен пендечиликтен арыла албай атканын эч ким танбастыр. Элдин камын көрөм деген журт башчылары да, элди ыймандуулук жолуна салам деген “аалымдары” да, сулуулукту даңазалайм деп талпыңган өнөрпоздору да, бирде өз вазыйпасын так өтөгөн болсо, көбүнесе материадык байлыктын азгырыгына жетеленип, болгон күч аракетин “дүр дүнүйөнүн” сазына батып баратканына күбө болуудабыз. “Аалам” ырахаты менен “кутучадагы” ырахаттын айрымасын билип турса да, “бул жашоомдо, бүгүн, азыр пендечилик жыргалына тоюнуп алайын” деген тыянак менен өмүрүн сүрүүдә. А демек бул көрүнүш “жан” дүйнө менен “дене” дүйнөнүн ортосундагы келишпестик бир тарабына ооп кетип баратканынан кабар берет. Бул күрөш Адам атабыз жерди байыр алып алгандан бери тең салмак менен жүрүп келатат. Адамзаттын тарыхы ушул эки жааттын тирешкени менен алпурушуп келатат. Куранда Иблис (Инжилде Сатана) периштесинин өзөгү карарып, адам баласы улам азгырылган сайын жан дүйнөсү азыктанып, кудурети күчөп, Кудай менен тиреше турган кубатка ээ болот экен. Биддисттердин түшүнүгүндө адам баласынын жан дүйнөсү качан биротоло тазарганда, ал Кудайдын кучагына кайтып келет экен. А бирок, жер жүзүндөгү жашоосунда канчалык күнөө кетирсе, ошончолук Кудайга узай турган жолу “кармалып” (карма), улам жер бетине төрөлүп пенденин көр дуйнөсұнөн чыга албай калат экен. Башка диний философиялардын айтымында адам баласы башка планеталарда (бейиште) жашап аткан учурда күнөөлөрүнөн арылалгыз болуп калганда, түңүлгөн Жараткан күнөөкөр пенделерди (алардын жан досторун) жер планетага (түрмөгө) айдатып жиберген имиш. Биртке өнүгүп-өсүп күнөөлөрүбүздөн арылып келатканда, байагыл эле “көнгөн адатыбыз” күчөп, пейилибизден кайтып, “акыр заман” топон сууларына кабылып, улам жер бетинен жок болуп кетип атканыбыз ошондон окшойт. А бирок кайсыл диндин философиясын албайлы, бул жолкусунда, Кудайдын каарына калганыбызды моюнга алып, тазарып кетпесек, анда келерки “акыр замандын” көчкүсү адам баласын биротоло жер жүзүнөн жууп, денелерибиз эмес, жан дүйнөбүздү да материалдаштыртып, ыпыр чаң менен сапырып жокко айлантып салаар коркунучунда турат экенбиз. Ар тараптуу диндердин биргелешип аракет кылганына карабай, адамзат көз көрүнөө туңгуюка шыпырылып баратканына күбө болуудабыз. Биз үчүн Манас атабыз кыргыз элин сактап калган баатыр экенин баарыбыз билебиз. А бирок эмнегедир “Манас” деген ат Непалдагы тоонун, Кытайдагы дарыянын жана административдик борборунун, Тибет жана Алтайдагы көлдөрүнүн, Индия менен Бутандагы улуттук парктарынын жана дарыяларынын, Дагестандагы айылынын, Америка Кошмо Штаттарынын тоосунун жана шаарынын аттарына ыйгарылган. Санскрит тилинен “Манас” деген сөз “жогорку акыл эс” (высший разум) деген түшүнүктү берсе, демек көөдөнүндө “Манасы“ жок адам баласы кадыресе пенде болуп калаарын ырастайт экен да. Так кесе айта турган болсок, Манас кыргызга эле эмес, бүткүл адамзатка таандык күч экен да. “Манастын” касиети элден, мамлекеттен, адамзаттан качып кете турган болсо, ошол элдин, мамлекеттин, адамазатгын аягы согуш, кыргын, алаамат, табигый кырсык, акыр заман менен бүтөт экен да. Жатык тил менен түшүндүргөндө, Манас – Жараткан менен пенденин ортосундагы ортомчу “акыл эс”, туура багыт, “алтын доорго” салынган тең салмактуу сапар. Манас аркылуу кана жер жүзүндө ирет, тартип, калыстык, эстүү мыйзам орнойт дегенди билдирет. Адам баласынын башатында Манастын илими, мыйзамы, буйругу өкүм сүрүп, өнүгүүсү көбүрүп-жабырып турган болсо, бүгүнкү күндө пенденин көөдөнүнөн Манас кетип, эсинен чыгып, унутулуп, адам баласы материалдык азгырыка ооп, руханий баалулуктардан ажырап, чар-жайыт, алдым жуттум, өзүмчүлдүк саясатка туш болуп, акыр заманды чакырып атканына күбөбүз деп жыйынтык чыгарса болот.

Муканбет алейкисаламдын айтымында Алланын 99 аты бар. Жараткан жалгыз, бирөө, аны эч ким жараткан эмес, ал баарын жараткан, а бирок пенделер аны өздөрүнүн жашоо шартына жараша 99 кырынын бирөөсүн байкап туруп өзүнө ыңгайланган ат менен Ага кайрылышкан. Биз, кыргыздар, Жаратканга кайрылган бир нече ысымга токтолуп кетели.

ТЕҢИРИ

“Тең” – тегиз, тете, калыс, адилеттүү, бирдей, окшош деген түшүнүктү берсе, ал эми “Ири” – чоң, чексиз, түбү жок деген түшүнүгү менен “ак-каранын” Улуу Тең салмагын кармап турган Зор Күч деген маанини берип турат: ысык-суук, өйдө-ылдый. оң-сол, бар-жок, эркек-аял, жакшы-жаман, алга-артка, чын-калп, төр-улага, жашоо-өлүм, касиет-пендечилик, ач-ток, дос-кас, Көкө-Умай, инь-ян жана ушул сыяктуу түгөнбөгөн түшүнүктөр. Кыргыздар эзелтен “жаман айтпай жакшы жок” деген макал менен табийгаттын эч нерсесин жээрибей “ырыскысына” да, “каарына” да “буйрук” деп кабыл алып, “Теңирдин жазганына” наалыбай жашап келишкен. Ушул касиети менен башына төгүлгөн дөөлөт-оомат-зоболосуна да, маңдайына жазылган кыргын-сүргүн-наалатына да бирдей баш ийип миңдеген кылымдар бою Жараткандын өзгөчө назарына бөлөнүп сакталып келишкен.

КУДАЙ (перстин Жаратканга кайрылган ысымы деп айтып келишет)

Бул сөздүн этимологиясы кыргыздын КУТ жана АЙ деген сөздөрүнөн куралган. КУТ – “Күн” жиберген чексиз бакыт; киреше, молчулук, барчылык, кубат дегенди түшүндүрсө, АЙ – “Айдын” төккөн мээрими, сулуулугу, ажарлыгы, керемети, сезими дегенди түшүндүрөт. Жараткан жерге “күч кубатын” КҮНдүн нуру менен чачып берсе, “сезимталдыкты” АЙ нуру менен жерге куюлтуп, эки кубулуштун бир өзөгүн КУТ-АЙ (КУДАЙ) деп атап калышкан. Кут же Күн деген кыздардын аттарын кезиктире албайсыз. “Ай” кошулган кыздардын аттары четинен чыгат: Ай-нура, Ай-сулуу, Алтын-Ай ж.б.

Булак: “Майдан.кж”

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады