Эрнест Карыбеков, энергетика боюнча эксперт: “Ортомчу фирмалардын аракети элдин ырыскысын жеген уурулук, чыккынчылык. Арасында “Автомаш” да бар”

Энергетика тармагы боюнча адис, Кыргызстандын электр тармагына күйгөн инсан, эксперт Эрнест Карыбеков менен элге кымбат, ал эми экспортко арзан сатылып жаткан электр энергиясы тууралуу баарлаштык.

– Эрнест мырза, бир жыл мурун өкмөт тариф саясатын мөөнөтүнөн мурун карап, “мыйзам бузду”  деп өкмөттү сотко бердиңер эле. Сот силер канааттанарлык чечим чыгардыбы?

– Өкмөттүн энергетика маселелеринде одоно мыйзам бузган жагдайларын эске алып,  өкмөттү  сотко бергенбиз. Бирок, соттордун баары жогорку жакка көз каранды болгондуктан, эки сотто тең өкмөткө жан тарткан чечим чыгарып коюшкан. Акыйкаттык издеп Жогорку сотко кайрылганбыз. Азырынча жарытылуу чечим чыга элек.

– Өкмөт кайыл жерден мыйзамга шек келтирди?

– Негизи өкмөт 2014-жылы орто мөөнөттүк тариф саясаты боюнча токтом кабыл алган. Электроэнергетика жөнундө мыйзамдын 25-беренесинде көрсөтүлгөн эрежени бузуп, тарифти көтөргөнүнө 6 ай боло электе эле ал маселеге кайра кайрылышты. Башкача айтканда, июнда көтөрүлгөн тарифти ноябрда дагы жогорулатып, одоно мыйзам бузду. Биз  өкмөттүн ошол кадамына каршы чыгып, сотко кайрылдык. Эми мындай мыйзамсыздыкка мыйзамды көзөмөлдөгөн орган парламент позициясын билдирет деген үмүттөбүз.

– Мыйзам боюнча тарифти өкмөт эмес, парламент аныкташы керек эле. Бирок, ал укукту  парламент мыйзам аркылуу өкмөткө өткөрүп берген. Эми парламенттин макулдугусуз эле өкмөт каалаган учурунда каалагандай бааны коё бербейби?

– Туура, шайлоо алдында тарифтерди кымбаттатып, элге жаман көрүнүп калбайлы деген таризде бааларды аныктоону парламент өкмөткө берген. Өкмөт мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, энергокоррупционерлердин оюн ишке ашырып, мыйзамга өзгөртүү киргизип, 2014-жылы зарылчылыгы жок болсо да, миллиондорду жеш үчүн Отун энергетика агенттигин ачышкан. Азыр ошол агенттик аркылуу элдин жонунан кайыш тилип жеп отурушат.

– Тышкы карыздын тең жарымы энергетика тармагын көтөрүү үчүн колдонулуптур. Ири суммадагы каражат коротулса да неге энергетика тармагы банкротко жакындап калды? 

– Энергетика тармагын калыпка салуу үчүн оңдоп-түзөө иштерине  мынча млрд. сом кетти дешет. Ошондой эле мындай тетикти  сатып алышыбыз керек эле дейт. 25 жылдан бери энергетика тармагына 1 млрд. 876 миллион доллар (142 млрд.сом) салынганы менен натыйжалуу пайдаланылбагандыктан,  оңдоп-түзөө иштери ойдогудай болгон эмес. Ал тургай оңдоп, түзөөнүн сапатын да эч ким текшерген эмес. Ошон үчүн ГЭСтердин абалы бүгүн мышык ыйларлык абалга кептелип, банкротко жакындап калды. Чынында энергетика тармагы банкрот боло турган эмес, тескерисинче кирешелүү тармак болушу керек эле. Энергетиканы майкандаган коррупционерлердин азабынан азыр аянычтуу абалга кептелип отурат. Ошон үчүн техникалык экономикалык аудит жасап, энергетика тармагын кыйроого учураткан коррупционерлердин атын ачык аташыбыз керек.

Чынында жер үстүндө бир да мамлекетте электр энергиясын чыккан баасынан 300 пайыз кымбат сатпайт. Бизде болсо, жоготууларга учураган энергияны шылтоолоп, 316 пайызга кымбаттатып салышты.

– Карапайым элди кыйнап, электр энергиясын кымбат сатпай эле экспортко чыккан энергияны кымбат сатсак болбойбу?

– Болмок. Айтайын дегеним, электр энергиясын экспорттоп мамлекет пайда деле тапкан жок. Пайданы электр энергиясын алып саткан фирмалар көрүп жатат. Ошол катачылыктарды мисал кылып, бул бийлик Бакиевдин бийлигинен да аша чаап баратканын  мисал кылып айтып жатабыз го? Айтайын дегеним, 2009-жылы Бакиевдин убагында электр энергиясынын 1 кВт саатын 4,015 центке сатышса, революция болуп, бийлик алмашкандан кийин  Атамбаев, Бабанов премьер-министр болгондо 2010-11-12-жылдары  электр энергиясынын 1 кВт саатын 2,8 центтен ортомчул компанияларга сатышты. Чынында дүң баасы 5 центтен  кем болбошу керек эле. Беш жылдын ичинде экспорттон эле 10-15 млрд. сом сол чөнтөккө кетип, мамлекеттик электр тармак кирешесиз калды. Кыскасы, ортомчул компаниялардын арзан  алып, пайда табууга  кызыгып калганынын кесепетинен суунун көлөмүн түшүрүп салышты. Техникалык эрежелерди эске албаганыбыздын айынан, сууну көп коротуп алып,  деңгээлин көтөрө албай жатабыз. Чынында 2 миллиард кВт сааттан ашык экспорттобошубуз  керек.

– Ортомчу фирмалардан мамлекетке пайда түшпөгөндөн кийин, аларды жоюп,мамлекет электр энергиясын  түз сатса болбойбу?

– Албетте, болот. Түз сатсак киреше ортодо акча жеш үчүн  түзүлгөн компанияларга эмес, Кыргызстандын  энерготармагына түз түшмөк. Тарифтердин кымбатташына алып келген  миллиарддаган сом жоголуу болбой, эл арзан электр энергиясы менен камсыз болмок. Ага болбой эле кимдир бирөөлөрдүн байышына шарт түзүп,  16-17 ортомчу компаниялардын иштешине шарт түзүп жатышат.

– Эл колдонгон электр энергиясы үчүн канча сом төлөйт?

– Элге 2 сом 16 тыйындан, ал эми мекемелерге 2 сом 50 тыйындан берилет. Менин күйгөнүм ортомчу компаниялар мамлекеттик тармактан 90 тыйынга чукул арзан  алышат. Мамлекеттик тармак коррупциялык схеманы жандандырып, электр энергияны түз сатпай ортомчулар аркылуу сатат.

– Мисалы, кимдер?

– “Кыргызавтомаш” деген президенттин ишканасы. Илгертен эле ортомчусуз түз алчу. Азыр Кыргызстанга асмандан  түшкөнсүп, Атамбаевдин эки баласы “Автомашэнерго” деген компанияны түзүп алып, мамлекеттик тармактан электр энергиясын  1 сом 60 тыйындан алышат. Президент болсо, балдарын тыйгандын ордуна, “менин балдарым учредителдиктен (уюштуруучу) чыккысы келбейт” дейт. Уюштуруучу болуп кала берсин. Бирок, президент электр энергиясын ортомчулары жок түз алып, ортомчу фирмасын жоюп, башкаларга да үлгү  болот эле. Бирок, ортомчу фирмалардын аракети элдин ырыскысын жеген уурулук, чыккынчылык  экенин билбей президенттин балдары  “бизнес” деп жатышат. Чынында бул уурулук менен шугулданганга барабар. Ошон үчүн эси барында этегин жыйып, президент баш болуп, өкмөт, электр энергиясын “мамлекеттик тармак  түз сатат, экспортко чыгарат” деп токтом чыгарып коюш керек. Президенттин “Кыргызавтомаш” заводу мамлекеттик электр тармактан тикелей түз 2 сом 50 тыйындан сатып алыш керек, ошондо 1 кВт. саттан 1сомдун тегерегинде мамекеттик тармакка түшөт. Тарифти көтөрүүнүн кажети жок.

– Бирок, ортомчу болгон компаниялар да электр энергиясын арзан алып, мамлекетке зыян келтирип жатканына карабай мыйзамдын алкагында иштеп жатышканын айтышат го?

– Туура, 90-жылдары эл аралык каржы институттары “электр тармагын чачып, базар шартында иш алып барсаңар жардам беребиз”- дешкен. Кыскасы,  1996 (“Энергетика жөнүндө” мыйзам) -1997 (“Электроэнергетика жөнүндө” мыйзам -жылдары  баарын чачып, жеке менчикке бергиле деген элге каршы мыйзамдар чыккан.  Азыркы өкмөт башчылар, энергетиканын өкүлдөрү ошол эле мыйзамдарга таянып алып, менчиктештирүү, жеке менчик колго сатуу деген 97-жылы чыккан токтомду ишке ашырып жатышат. Ошон үчүн парламентке эл үчүн иштейм деген азаматтар келсе, бул мыйзамдарды башынан карап, өкмөт менен бирдикте элдин жана мамлекетибиздин кызыкчылыгын эске алынган жаңы мыйзамдарды жазышы керек.

– Эрнест мырза, Жогорку Нарын каскадын курабыз деп төрт жыл мурун киришкен Россия аны куруудан баш тартты. Кыргыздар өздөрү эле  куруп алса болбойбу?

– Болот. Анткени, 90 пайызы мамлекеттики атыккан “Нарынгидроэнергострой” деген мекеме бар. Токтогул каскадын курган. Өкмөт эмне курулса да генподрядчик  болот деп токтом чыгарган. Бирок, ага карабай Нарын каскадын курабыз деп баштаганда эле эч бир техникасы жок фирма ачыла калып, каражатты да, курулушту да тейлеп, 37 миллион доллар короткону айтылып жатат. Чынында 37 миллион долларга бир каскад эмес, Бишкек шарында кичи район курса болот. Кыскасы, бул каскадды бир эмес, үч эс кымбат куруп, пайда табабыз деген аракеттер болгон.

– Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча келишимди ким түзгөн? 4 жыл убактыбызды алганы эсепке алынбай короткон каражатты кайтарып берүү жагы кандай жазылган?

– Келишимдин долбоорун кыргыз тарап жазган. Россия тарап 50 пайызына ээлик кылып, аны курууга кредит алып, каражат таап келмек. Алар каражат тапкан күнө да “12 жылда корогон каражатты төлөш керек” деген таризде эл арзан электр энергиясы менен камсыз болмок эмес. Анткени, короткон чыгымды өндүрүп алуу үчүн сатса да 1 кВт саатын 5 сомдон сатышмак. Россия ошол Жогорку Нарын каскадын шылтоолоп Кыргызстанды Бажы, Евразиялык биримдикке киргизип, НАТО базасын чыгарып, “Кыргызгазды” бир долларга алып, өздөрүнүн кызыкчылыгын ишке ашырып алды. Кыргыз тараптагы документтерди даярдаган, келишимдерге кол койгон бийлик башчыларын, министрлерди, тармакты башкаргандарды 4 жыл бизди алдаганы үчүн жоопко тартышыбыз керек.

– Демек, биз алдандыкпы?

– Утулдук, алдандык деп деле айтпайм. Анткени, ал каскадды куруп алганда деле товарды алчу кардар жок кыйналмакпыз. Кыргызстанга Токтогул ГЭСи, Бишкек жылулук станциясы, жана майда ГЭСтер өндүргөн электр энергиясы жетет. Кыргызстан жылына  15,5 миллиард килловат саат электр энергиясын өндүрөт. Бир жылда 11 жарым миллиард  кВт саат электр энергиясын керектейбиз. Өндүрүлгөн электр энергиясынан 4миллиард килловат саат ашып калат. ичинен 16 пайызын жоготуу деп эсептегенде деле 2 млрд кВт саат калат. Калган 2 млрд. кВт саатты гана экспорттосок, натыйжалуу пайдалансак  маселеси жок жашайбыз. Тикелей түз сатса экспортко 2 млрд.кВт.саат, 5 центтен 100 млн. доллар болот. Ошондуктан, Жогорку Нарын каскадын куруунун, курулбай калды деп кайгыруунун зарылчылыгы  жок. Анткени, өнгөн электр энергиясын сата турган кардар жок. “Кытай алат” деп өзүбүздү сооротконубуз менен биз өндүргөн электр энергия кытайдын жөнөкөй жарандарына эмес, завод-фабрикаларына колдонулат. Алар “жаан жаап, электр энергиясы жетпей калды” деген маселелер менен баш оорутпайт. Ошондуктан, аларга күчтүү электр станциялары керек. Ошон үчүн алар биз өндүрчү электр энергияга куштар деле эмес.

– Курулмакчы болуп, аягына чыкпай калган долбоор, Камбар-Ата ГЭСинен кубаттуулугу аз болсо да, үч эсе кымбат курулмак деген кептер бар. Анын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– 100 пайыз чындыгы бар. Айтайын дегеним,  “Камбар Ата-2” долбоорунун кубаттуулугу  боюнча 360 мегаватт түзөт.  Бакиевдин убагында 300 миллион доллар бөлүнгөнү менен ал каражаттын жарымы менен бир агрегатын курушкан – 120 мВт. Жаны бийлик келгенде Россия ошол 300 млн. долларды кечкен. Демек, азыркы “Камбар-Ата-2” 120 мВт кубаттулугу бекер курулган.  Башкача айтканда, 360 мегаватт  250 миллион долларга эле курулат. Жогорку Нарын каскады кубаттуулугу 237 мегаватт экенине карабай  727 миллион долларга үч эсе кымбат курабыз дешкен.” Камбар-Ата-2” долбоорунан уурдай турган акча көрбөй (буларга чейин урдап коюшкан бакиевдер), жаңы өтпөй турган Жогорку Нарын каскадына өтүшкөн.

– Акылдуу эсептегич жакшы натыйжасын берип жатабы?

– Укмуш пайда келтирип жатат дегенден алысмын. Айтайын дегеним, бул Кытайда жарактан чыккан система. Ага карабай аны Кыргызстанга алып келип,700 кВттан кийин кымбат берип, элдин жон терисинен кайыш тилип жатышат. Карапайым элдин көп каражаты электр энергиясына короп жатканын айткандар четтен чыгат. Акылдуу эсептегичтерди Кытайда он жыл мурун эле алып салышкан. Азыр жаңы чип менен иштеген эсептегичтер коюлган. Биздин коррупционерлер 25 жылдын ичинде Кытайдын эски эсептегичтерин алып келип, 142 млрд. сом бул максатта караштырылган акчанын көбүн жеп коюшкан.

– Баса, апрел айында электр энергиясы кымбаттары айтылды.  Кымбатчылык аз келгенсип эми электр энергиясы дагы кымбаттайбы?

– Өкмөттүн алдындагы отун энергетика агенттигинин  орун басары Миргүл Айдарова өткөн жумада парламентте электр энергиясынын баасы көтөрүлөөрүн айтып чыккан. Бирок, Ьаластагы тегерек үстөлдө ошол тармактын өкүлү электр энергиясынын баасы кымбаттабасын айтып чыкты. Ошол жигиттин сөзүнө ишенип, электр энергиясы кымбаттабайт деген ойдо отурам.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *