Эрте жаз, ээликтирбе!..

Быйылкы жаз адаттагыдан кыйла эрте келеринин жышааны байкалары менен эле, өлкөнүн ички коомдук-саясий турмушу да, тышкы мамилелериндеги өз ара карым-катнаштар өзгөчө темп менен жандана баштаганы байкалууда. Муну оңой эле түшүнүүгө болот. Анткени, жазды чыдамсыздык менен күткөн ар кандай багыттагы жана ар кандай максаттарды алдына койгон күчтөр арбын. Алардын айрымдары жазга карата болгон даярдыктарын эбактан эле башташып, ал тургай кыш чилденин дал ортосунда митинг-репетициясын өткөрүп жибергени да маалым.

Дегеле, оппозициячыл маанайдагы ар кандай майда, чачкын топтордун биригүү аракеттери да тымызын жүрүп жаткансыйт. Арийне, алардын башын бириктирип, эң жогорку бийлик, жалпы эле коомчулук алар менен эсептеше турган бир кубаттуу күчкө айлантуу маселеси абдан оор болору айкын. Себеби, алардын ичинде топ жарган жана күчтүү кыймылды өз артынан эрчитип кете ала турган Адахан Мадумаров сыяктуу лидердин карааны көрүнбөйт. Дал ошондуктан улам, калган оппозициячыл саясатчылар азыр өз бутасына өкмөттү гана алышып, Мухамбеткалый Абылгазиевдин араң жан өкмөтүн ушул жаздан чыгарбай алып түшүүгө камданышууда.

Бул жагдайда президент Сооронбай Жээнбеков мурдагыдай эле токпейил, салабаттуу маанайда калууда. Азырынча, кечээ жакында гана тоо-кен тармагындагы маселелерге арналган Коопсуздук Кенешинин жыйынында бир аз эмоцияга алдырганы болбосо, анын нервин сынай турган оппозициячыл күчтөр деле жарала электей…

Сочидеги Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу марттын аягындагы жогорку мартабалуу визитке даярдык гана болбостон, жабык эшик артында жакындап келе жаткан ШОСтун жыйынына кандай маселелерди алып чыгуу да талкууланганы түшүнүктүү.

Андан бир аз мурдараакта эле, Кыргызстанга келип кеткен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кыска мөөнөттүк жумушчу сапары учурундагы пресс-конференциясында Кыргызстандын түштүгүндө дагы бир Россиялык аскер базасын ачуу “кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча” ишке ашары айкындалды.

Эгерде Венесуэлага да бул өлкөнүн мыйзамдуу жетекчилигинин өтүнүчү боюнча орус аскерлеринин чакан контингенти жана да ракеталык аскер базалары жайгашканын эске ала турган болсок, Россия эл аралык геосаясатта ырааттуу план боюнча иш алып бара жатканы даана байкалат.

Мурдатан эле ачылган Канттагы россиялык аскер-аба күчтөрүнүн базасы Гансидеги америкалык транспорттук-транзиттик авиабазага альтернатива иретинде кошумча ачылган аскердик база дүйнөлүк геосаясий оюндардын жана да ири супердержавалардын тирешинин дал чордонунда калган Кыргызстан өзүнүн аскердик потенциалы чакталуу экендигине карабастан, абдан милитаризацияланып (согуштук-аскердик техникага толуп) бара жатканы талашсыз.

Эмитен эле Кыргызстандагы проамерикачыл жана пророссиячыл күчтөрдүн тиреши жандана баштады. Экс-депутат, экс-оппозиционер, экс-мамчиновник жана дагы… экс-качкын Равшанбек Жээнбеков (АКШда өз кылмыш иши жабылганча беш жылча жүрүп келген адам) “Кыргызстандын түштүгүнө дагы бир орус аскер базасын ачуунун кереги жок” деп эсептейт. Анын башкача айтуусу да мүмкүн эмес.

Кечээ жакында өткөн мюнхен конференциясынын эксперттери азыркы жаңы доордо Россия, Кытай жана АКШ тирешүүсү алдыңкы планга чыкканын дагы бир ирет тастыктады. Сирия жана Украинадагы эл аралык тиреште Россия өз жемин жедирген жок.

Венесуэла үчүн күрөш жана Россиянын Япония менен болгон Куриль аралдары боюнча талашы геосаясий тирештин жаңы этапка өтүүсүн каңкуулап турат. АКШнын көктөн тилеген максаты – Куриль аралдарынын бирине өз аскердик базасын жайгаштыруу экендиги жашыруун сыр деле болбой калган. Асыресе, азыркы Россия кубаттуу кезинде ал пландарды али түйүлдүк кезинде быт-чытын чыгарып салууга жөндөмдүү.

…Кыргызстандагы быйыл негедир адаттан тыш эрте келчүдөй кейиптенген жазды эле эмес, дегеле мурунку союздук доордо Орто Азия деп аталып келген чөлкөмдөгү,- мындан дагы конкреттүүрөөк айтсак, түрк тилдүү жана негизги титулдук калктарын мусулман дининдеги элдер түзгөн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан республикаларындагы коомдук-саясий маанайдын өзгөрүлүшүн чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери тымызын күтүп келе жаткан эл аралык зор күчтөрдүн бар экендиги белгилүү.

Кечээ жакында мурдагы СССР мамлекетинин жараны, Афгандык согуш конфликтисинде барымтада калып кеткен, ошол бойдон 36 жылдан бери дайынсыз болгон кыргыз улутундагы Жалал-Абаддык жоокердин күтүүсүздөн табылып, өз мекенине кайтып келиши сенсациялык жана сейрек кездешчү тагдырлардын бири экендиги түшүнүктүү.

Арийне, тирүү болсо эмне үчүн мурда өз мекенине (мейли, СССР талкаланып, Кыргызстан эгемендүү өлкөгө айланган соң дейлик!) кайрылып келүү аракетин жасаган эмес? Же элин сагынбас эр болбос”, “туулган жердин топурагы алтын” деген сыяктуу кыргыздын бала кезден кулакка куюлуучу накыл кептерин такыр унуткан беле?! Албетте, жашоодо ар кыл татаал тагдырлар кездешпей койбойт. Ошондуктан, ар кандай күдүк суроолорду жараткан татаал тагдырга эч кандай деле суроосуз, тескерисинче, кеч болсо да өз мекенин тапкан мекендешибиз үчүн сүйүнүчкө аралаш ар кандай түмөн-түйшүктүү ойлор жаралбай койбойт.

Айрыкча, союз тушундагы афгандагы “джихад” согушу деп аталган кыргында(маани-маңызы боюнча алганда, -бүгүнкү исламчыл коомдук-саясий, согуштук аракеттердин башаты!) Орто Азиялык мусулман аскерлери туткунга түшкөн учурларда өлтүрүлбөй, көп учурларда тирүү калтырылганын эске ала турган болсок, жогорудагы 36 жылдан кийин кайра табылган жердеш жоокерибиздей болгон тагдырлар жетишерлик көп санда болушу мүмкүн.

Мындан эки-үч жылча мурда – ИГИЛ өз ишмердигин абдан катуу баштап, өз алтын валютасын чыгарып, Ирак, Сирия тараптагы көп аймактарды ээлеп алган чакта алардын катарына өткөндүгүн ачык жарыялаган Тажикстан ОМОНунун командири, полковник Гулмурод Халимов мурдатан кабарлангандай өлтүрүлбөй эле, тирүү экендиги кабарланууда. Сирияда бомбалоо учурунда, андан соң, Афганистанда Россия ракеталары менен атууда курман болду деген чуулгандуу, харизматикалуу командир тирүү экендиги жөнүндө маалымат чындык болуп чыгышы толук ыктымал. Мурунку тажрыйбадан белгилүү болгондой, Аль-Каиданын лидери Бен Ладен, Өзбекстан ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдашевдердин “өлтүрүлгөндүгү” тууралуу дагы далай ирет маалыматтар берилип келген. Иш жүзүндө болсо, алар өз ишмердиктери кеңири кулач жайып, өз миссияларын дээрликтолук аткарган соң гана өлтүрүлгөдүгү маалым.

Ал эми соңку жаңы кылымдын башынан бери Кыргызстандагы коомдук-диний жагдай, бул тармактагы саясий мамилелердин кескин өзгөрө баштагандыгы дагы эч күмөн туудурбайт. Конституциябызда биздин Кыргызстаныбыз светтик өлкө катары белгиленип, дин мамлекеттен ажыратылганы ачык жазылып турганына карабастан, ошол эле конституцияны жазышка активдүү катышышкан жана да анын жоболорун туу тутушкан саясатчыларыбыз, мамлекеттик-коомдук ишмерлерибиз тигил же бул деңгээлдеги шайлоого катышып калышса, сөзсүз түрдө жергиликтүү ак-сакалдардан формалдуу түрдө колдоо – бата алып, андан соң дароо эле ошол региондогу өтө таасирдүү фигурага айланган муфтияттын өкүлүнүн (имам, молдо ж.б.) колдоосун алууга ашыгат.

Азыркы дүйнөлүк геосаясий оюндардын тээ алыскы келечекти көздөгөн түпкү максаты – бир жагынан, Кыргызстандын стратегиялык партнерлору болушкан Кытайды ичтен алсыздандырып, ыйкы-тыйкы социалдык-экономикалык маселелерге чулгоо болсо, экинчи жагынан – эки континентти бириктирген эбегейсиз чоң территорияны ээлеп турган Россияны илгерки Иван Грозный башкарган Москва княжествосунун аймагына чейин кичирейтип салуу…

Ал эми Кыргызстан сымал чакан жана жаратылыш ресурстарына бай, жаңыдан гана эгемендикке ээ болушкан Орто Азия өлкөлөрүнүн келечек тагдыры бүдөмүк болуп калат. Бир гана алдын ала болжолдоого боло турган нерсе – дүйнөлүк геосаясий аба-ырайынын өзгөрүшү жана алардын өнүгүү тагдыры – алардын азыркы жүргүзүп жаткан эл аралык тышкы жана ички мамлекеттик саясатына жараша болору анык.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *