Эртең аба ырайы кандай болот?

Эртең, 14-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 14-февралда күндүз Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -2…+-7 күндүз +5… +10

Таласта түнкүсүн: -4…-9, күндүз: +4…+9

Баткенде түнкүсүн: 0… +5, күндүз: +7…+12

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: 0…-5, күндүз +6…+11

Ысык-Көлдө түнкүсүн: -2…-7, күндүз: +1…+6

Нарында түнкүсүн: -10…-15, күндүз: -3…-8

Бишкекте түнкүсүн -2…-4, күндүз: +7…+9

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *