Эртең Бишкекте кайрадан митинг

Бишкек ИИБиси нааразычылык акция боюнча маалымдоо алышпаганын айтышууда.

Ал эми кыргыз-тажик чегарасындагы абалга кайдыгер карабаган кыргызстандыктар эртең, 15-январда саат 10:00дө Ак үйдүн алдына чыгышарын Facebook соцтармагы аркылуу жайылтышууда.

Жарандык активист Аманбол Бабакуловдун айтымында, нааразычылык акциясынын конкреттүү уюштуруучулары жок. “Демилгени эл өзү көтөрдү. Мен да эртең митингге барам” , – дейт ал.

Бишкек ИИБисинин башчысынын орун басары Эрлан Атантаев митинг өткөрүү боюнча маалымдоо алышпаса да, митинг өтөөрүн билишерин айтты.

“Расмий маалымдоо келбесе да, жарандарыбыз митингге чыгарын билебиз. Негизинен кечээ, 13-январда парламент алдына пикетке чыккандар келет. Алар ошондо эле 15-январда кайра чогулушарын билдиришкен”, – дейт ИИМ өкүлү.

Эскерте кетсек, 13-январда Баткен облусунан келген жарандарыбыз Ак үйдүн алдына чыгып, Баткендеги Көк-Таш айлыындагы кыргыз-тажик чегарасындагы жаңжалдан улам камакка алынган 4 жаранды бошотууну талап кылышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *