Эртең, 13-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт

Эртең, 13-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жана Бишкекте (түнкүсүн -2…-4, күндүз 0…2 градус болот) мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда кар калың түшүп, жолдор тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…2;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…2;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…2, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…3;

Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -5…-10 градус болот.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *