Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт

Эртең, 26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -2…-7, күндүз -3…+2

Таласта түнкүсүн: -4…-9, күндүз: -3…+2

Баткенде түнкүсүн: -1…-6, күндүз: -3…+2

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: -1…-6, күндүз -3…+2

Ысык-Көлдө түнкүсүн: -5…-10, күндүз: 0…-5

Нарында түнкүсүн: -20…-25, күндүз: -8…-13

Бишкекте түнкүсүн -4…-6, күндүз: 0…+1

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *