Эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 11-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп,  тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,  кээ бир райондордо 17-22  метрге жетиши күтүлөт.

Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -3…+2 күндүз -1… +4

Таласта түнкүсүн: -4…+1, күндүз: -2…+3

Баткенде түнкүсүн: 0… +5, күндүз: +2…+7

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: 0…+5, күндүз +2…+7

Ысык-Көлдө түнкүсүн: -2…-7, күндүз: 0…+5

Нарында түнкүсүн: -13…-18, күндүз: -5…-10

Бишкекте түнкүсүн 0…+2, күндүз: +2…+4

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *