Эс алууда чери жазылбагандар бар…

Ысыктын аптабында чартаңбай тээп, жыргап эс алгандар жок десек кара жаныбызды жеп калган болобуз. Ооба, мелжиген суунун бойлорунда, көйкөлгөн жайлоолордо, бермети төгүлгөн көл жээгинде жайкала басып көңүл черин жазгандар толтура. Муздак шампан ичип, баглан козунун этин жеп, шишкебектин жытына эңгиреп, каалагандай жарпын жазгандар жүздөп эмес миңдеп саналат. Ошолорго кызмат көрсөтүп, эптеп эмгек акысын алып калууга жан үрөгөндөр канча дейсиң? Айтор, күн куйкалап жатканда бири чалкаласа, дагы бири кайкаласа, айрымдар буту күйгөн тооктой болуп мээнетинин акыбетин көрүүгө умтулат. Бул турмуштагы эле кайталанып жүргөн оокат десек болот.

Ошентсе да күз жылып келатканын туйган “кайбарлардын” денесин үркүткөн маселе бар экендигин көңүлүнө кетсе деле айтып коелу. Маселен, кеп-сөзгө кенен алынган спикер Дастан Артисбековичтин көөнү ток деп кантип бежирей алабыз? Ботом, ал деле тирүү жан да. Үстүнө улам жаңыланып куйулган “шоросун” жоготуп салууга мындан ары кудурети жетеби? Булайып чыккан “илинчектери” кирпинин ийнесиндей болуп сайгылап жатса кайдагы жыргал эс алуу болсун? Көкүрөктү санаа эзип турса кайдагы “эллегияны” жаратмак эле? Канат Исаевдин деле таманы жер жыттабай турган кези. Эптеп жаналакетке түшүп өзүнүн керт башын сактап калууга, эмки шайлоого катышып, бир жерине илинүүгө аракети күч. Капастан чыгаргандарга кызматын чегерип жагынууга, оң жагына алынууга бүткүл дараметин кыймылга келтирип жаткан кишиде кайдан сонун эс алуу болсун? Көрсө бийлик менен байлыктын түйшүгү оор болоруна эми кантип ишенбейбиз? Керек болсо арамдык иштерге чейин бара турганын билип деле калбадыкпы? Бир кездеги пикирлеши Өмүрбек Бабановго да жөн жерден барбаса керек? Бирок, андан күткөн жыйынтык чыгабы, кеп ошондо. Себеби, Өмүкеңин деле канча ирет оозу күйдү дейсиң? Ошондуктан түшкөн сунуштарды жети өлчөп бир кесүүгө умтулаары белгилүү. Акча деген талаада жатпайт эмеспи?

Мындай күйгүлтүктү каникулга кетерде комиссияда болгон Каныбек Иманалиевден, Талант Мамытовдон, Кожобек Рыспаевден күтүүгө болот. Булардын түшүнө Атамбаев кирбейт дештин өзү нонсенс. Кирмек түгүл, таңга маал чоочутуп жатканына деле шек жаралбайт. Баары бир мандаттын күйүтү буларды тынч жаткырбайт.

Анын үстүнө учурдагы бийликтин “тишинин мококтугу” буларды ого бетер бушайманга салууда. Өкмөттүн азыркы чилистендери деле келаткан күздөн үмүтү үзүлгөндөй. Айрыкча бажасынан улам “жылдызга” айланган Мухаммедкалый Абылгазиевдин жүрөгү дүк-дүк. Кандай болгон күндө да аларды күп эттире чаап салууга аз калды. Баса, ошол кетер өкмөттүн “акырын” жыттап калууга ашыгып тургандар да жок эмес. Күдөрүн үзбөй, теспесин чимирилткендер ак үй тараптагы “кулактарынан” кабар күтүп турганы калпка чыкпайт. Ар ким өзүнө камкордук көрүүгө ынтызар. Демек, бир бечара бүгүн курсагын тойгузууга шарт жаралганына кубанса, экинчиси жаман “илдетинен” кантип кутулам деген ойго чулганат. Жашоо деген ушундай, бирөөгө зар, бирөөгө кор дүйнө…

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *