Эсенкул Алиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер: “Эч качан жилик же козунун башы тартылчу эмес”

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата

Куудул Келдибек Ниязов бир гезитке берген маегинде: “Турдакун Усубалиев эки сөз менен эле Ысык-Көлдөн балык кармоого тыюу салып коюптур” деп негизи туура айткан экен. Ушундан улам менин эсиме Т.Усубалиевдин балык кармоого тыюу салуу боюнча чечимди кабыл алганы түпггү. Ага өзүм күбө болгом. Анткени, мен ал учурда Ысык-Көл райондук партиялык комитеттин биринчи секретары элем. Ал мындай болгон.

1980-жылы июлда Турдакун Усубалиевич отпускасында ‘Чолпон-Атада Өкмөтгүн санаториясында №10 корпуста атасы, карындашы болуп эс алышкан.

Бир күнү кечке маал Т.Усубалиев телефон чалып: “Жолдош Алиев, мен эртең мененден бери көлдүн үстүндө кайык менен барып кайырмак салгандарды байкасам, жээкке чыкпайт экен, булар табигый муктаждыктары боюнча кайда барышат?” – дейт.

Мен: ‘Турдакун Усубалиевич, мен муну билбептирмин, текшерип жооп берейин”, – дедим.

Чындыгында алар ошол көлдүн ичине “коё бере тургандыгын” билчүмүн жана аны ошондой эле болуш керек деп эсептечүмүн. Ал эмес, Кыргызстан КПБКнын экинчи секретары Фомиченко балыкчыларды жанына алып, өзү баш болуп, кечке балык кармачу. Бирок, аны кантип айтмак элем? Анан прокурор менен милициянын начальнигине болгон сөздү айтып, кечинде балыкчылар көлдөн чыкканда териштирүү тапшырмасын бердим.

Алар 23 балыкчыны сурашыптыр. Жооп баягы биз ойлогондой – көлгө “коё бермей”. Мен болгонун болгондой айттым.

Анан Т.Усубалиев ошол отпускасы убагында Чолпон-Атада чоң жыйын өткөрүп, бүт министрлерди катыштырып: “Жаш балдар көлгө түшкөндө көлдүн суусун ичип алып жатышат, андан тышкары көп адамдар атайын көлдүн суусу менен тамагын чайкашат. Өнүккөн өлкөлөрдө бассейнге атайын аралашма кошуп коюп, кимде ким кокус заарасын чыгарып ийсе, анын тегереги башка түскө боёло түшүп, билинип калат. Биздин көл деңиз эмес, чоң деңиздерде булганычтарды атайын кое беришет, а деңиз өзүнөн-өзү тазаланып турат. Биздин көл кичине, тазаланууга күчү жетпейт. Эгер тазалыкты сактабасак, көдү сазлга айландырып жок кылып алабыз”, – деп сүйлөдү. Дагы бир топ талкуулоо болуп, жыйынтыгында мындан ары кайырмак менен балык кармагандарга жээктен гана кармоого уруксат берүү макулдашылды.

Республикалык балыкчылар коомунун төрагасы, өкмөттүн председателинин биринчи орун басары П.М.Ходос гана көрүнө
эмес каршы пикир айтымыш болуп жүрдү, а ошондон кийин көлдүн үстүнөн кайык көрүнбөй калды. Түнү менен тор салган браконьерлерге тыюу салынды.

Көлдүн таза кармалышына Өкмөттүн председателинин орун басары Сакин Бегматова жооптуу болду. Бүт пансионаттар текшерилип, алардын тазалоочу жабдууларсыз иштөөсүнө тыюу салынды. Моторлуу кайыктарды колдонууга да ошондой тыюу салынып, жээкке чыгарылды, кемечиликтин жүк ташыган кемелерине контейнерлер коюлуп, аларга пломба салынды.

Ошол эс алуусунда Т.Усубалиев жээктен “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясы жактан узун түтүктөн чыгып жаткан түтүндү көрүп, менден ал откана кайсы уюмга тиешелүү экенин сурады. Мен Кыргызсовпрофко караштуу “көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясыныкы экенин айтсам, Кыргызсовпрофтун төрагасы Э.Абакировду чакыртты.

Эмилбек Абакиров келип, жаңы откана курдуруп жатышканын, анын бүтөөрүнө аз калганын айтты. “Электр менен жылытьшабы?” – деп сураса, көмүр жагыла турганын айтты.

– Эмилбек Абакирович, биз СССРдин Мампланынан Көл боюндагы турмуш-тиричилик объектилерине электрди пайдаланууга уруксат алдык. Электр отканасын курдуруңуз. Министрлер Советинин санаториясын караңызчы, электрге котордук, таптаза, кенедей да түтүн жок, -деди.

Эмилбек Абакиров объект бүтүп калганын айтып, баш тартууга аракет кылды эле, Т.Усубалиев макул болгон жок. Э.Абакиров, аргасыздан бүтүп калган откананын жабдууларын кайра монтаждатып, электр менен жылытылуучу жабдууларды койдурду. Демонтаж болгон жабдууларды Жети-Өгүз курортуна алдырып кетти, мен бир топ жылдан кийин ошол жабдууларды Жети-Өгүз курортуна бара жаткан капчыгайдын оозунан көрдүм.

Бир күнү Т.Усубалиев Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенко айылына барып келди. Анткени, ал жактагы балдар санаториясынын жогору жагында байбичеси курбусу менен эс алып жаткан. Санаторияны аралап өтүп баратып оорулуу балдарды көрөт, шарттары өтө начар экен. Аңда бүт союздан колу-буту кыймылдабаган, шал орулуу балдар келип, ал жерде дарыланышчу.

Чолпон-Атага келип эле саламаттыкты сактоо министри Ойрот Тургунбаевди жана долбоорлоочуларды, курулушчуларды чакыртып, ошо капчыгайга көп кабаттуу санатория курууга тапшырма берди. Кээси капчыгай өтө тардыгын, техниканы колдонууга мүмкүн эместигин айтышып, каршы болушту. Бирөөсү свай менен курууга боло турганын айтгы.

Ошентип Т.Усубалиевдин бир жолу үй-бүлөсүн көрүп келгенинин эсебинен ошол капчыгайга көп кабаттуу балдар санаториясы курулуп калды.

Ал жерден чыккан суунун дарылыгы Көлдүн тегерегиндеги минералдык суулардан (мен бардык суулардан ванна алып көрдүм) бөтөнчө. Аны ванна алган киши байкайт. Скважина 1936-жылы казылыптыр, чыгып аткан суунун үнү дуңгүрөп угулуп турат. Ошого окшош суу ошол капчыгайдын жогору жагында А-тын-Арашан деген жерде, экөөнүн дарылык таасири бирдей.

Жакында телевизордон көрдүм, ошол Алтын-Арашанга жергиликтүү эл туристтерди жөө чыгарышып, ал жакка боз үйлөрдү тигип, эс алуу уюштурушуптур. Бул эң туура.

Мен Турдакун Усубалиевич менен түз иштешип калган 10 жылдай убакыт ичинде көп нерселерди үйрөндүм. Башкасын айтпаганда да эт тартуу боюнча анын кеңешин айта кетейин. Адатта союздан же чет өлкөдөн конок келгенде козу союлчу. Коноктордун ар биринин тарелкасына бирден кабырга жана бирден омуртка салынчу. Беш бармак да өзүнчө чөйчөкчөгө салынып, чыныга куюлган сорпо берилчү. Эч качан жилик же козунун башы тартылчу эмес. Айрыкча башты көрсө, чет элдик коноктор чоочуп кетип, тамак жебей коё турганын эскертчү.

Т.Усубалиевдин билимдүү, жөндөмдүү кадрларды тарбиялап, кызматтан-кызматка жогорулатып өстүрүп турганы өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Балким, анын өзүндө кайсы кадрды кайсы регионго жөнөтүү боюнча схемасы болсо керек.

Баса, Т.Усубалиевдин Чыңгыз Айтматов менен мамилеси жөнүндө терс пикирлер айтылып калып жүрөт. Менин билишимче, андай эмес. Ал Чыңгыз Төрөкуловичке абдан урматтап мамиле кылчу. Кайсы убакта келсе да, ага Чолпон-Атадагы резиденциядан өзүнчө бир корпус бекитилип берилчү. Мен Чыкенин Төлөмүш Океев менен көп келгенин байкадым.

Чет жактардан көрүнүктүү коноктор келгенде Т.Усубалиев Чыкени жанына дайыма кошуп алчу.

Дагы бир нерсени кошо айта кетейин. Мен Турдакун Усубалиевич менен өмүрүнүн акырына чейин кол үзгөн жокмун. Акыркы жолу 2013-жылы үйүнө барып жолуктум, анда Турдакун Усубалиевич 94 жашка толгон.

Эсенкул Алиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер

Булак: “Факты.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *