Эшикте кыш, а саясат кайнап жатат…

Украинанын кийинки президенти Тимошенко болобу?
Украинада 26-ноябрдан тарта президент Порошенконун Указынын негизинде 2019-жылдын 25-январына чейин аскердик абал киргизилген. Ал жарлыктын бир пунктунда Украинанын Россия менен болгон чек ара аймактары катуу көзөмөлгө алынып, чычкан өтпөгүдөй күчөтүлгөн көзөмөл болушу да баса белгиленген. Ошол эле күнү Украинанын парламенти да (Верховный Рада) жаңы токтомун кабыл алышкан эле. Ал токтомдо 2019-жылдын 31-мартында Украинада кезектеги президенттик шайлоо өтөөрү белгиленген.
Анда жаңы президент эл тарабынан 5 жылга шайланмакчы.

Дүйнөлүк геосаясаттын так чордонунда калган бул шайлоо аталган өлкөдө болуп көрбөгөндөй кырчылдаш менен өтөөрү эмитен эле ачыкталып калды. Президент болчумун дегендердин аракеттери азыртан эле өз апогейине жетип, талапкер болчулар тарабынан кызуу иш чаралар жүрүп жатканы дүйнөлүк маалымат каражаттары тарабынан байма-бай айтылууда. Бир байкаганыбыз, учурдагы президент Поршенконун так талашта жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү күңгүрт болуп турганында. Бир кездеги (2014-жылы) парламентке
болгон шайлоодо 22, 14 пайыз менен жеңип чыккан «Элдик фронт» партиясынын лидери Арсений Яценюктун салмагы болсо такыр эле нөлгө түшүп калганы айтылууда. Анын себеби- экономиканын эки тизгин бир чылбырын колго алган Яценюк өлкөнү экономикалык кризизке учураткандардын бирден-бири экени айтылып жатат. Соңку сурамжылоодо ал коомчулуктун араң 0, 6 гана пайыз колдоосуна ээ болгону айтылат. Ошондой эле бир кезде Кремлдин туткуну, акыйкаттын жарчысы аталган радикалдуу багыттагы Надежда Савченконун да бул шайлоодо эч кандай шансы жок экени аныкталып барат. Дагы бир радикалдуу партиянын лидери Олег Ляшконун салмагы жогорку экөөнө салыштырмалуу бир аз да болсо жоонураак экенин жергиликтүү серепчилер билдиришүүдө. Ошондой эле учурда дагы бир талапкер болчумун дегендердин бири- Львов шаарынын мэри Андрей Садовойдун, актер Владимр Зеленскийдин да ысымдары
айтылып келет. Ал эми аркы жээктин да, берки жээктин да сурамжылоосунда «Мамлекеттин жаңы багыты» деген программасы менен фаворит болуп жаткан бул- Юлия Тимошенко. Бул айым башкы такты үчүн ушуну менен үчүнчү жолу катышууга бел байлап жатат. Айтмакчы, өткөндө Киевдеги эл аралык социология институту, социологиялык багытта иш алып барган Разумков борбору менен «Рейтинг» социологиялык тобунун биргелешкен соңку «Сиз кимге добуш берет элеңиз?» деген сурамжылоосунда (10 пайызга чейинкилерди) алганыбызда респонденттердин 20, 7 пайызы Юлия Тимошенкого, 11, 44 пайызы Владимр Зеленскийге ал эми учурдагы президент Петр Порошенкого 10, 3 пайыз добуш топтолгону айтылды. Ушундай көрүнүштөрдөн улам, кандайдыр эле бир «көз боемчулуктар» болуп кетпесе Порошенконун кийинки мөөнөткө калышы өтө татаал болуп калганы баарына байкалууда. Учурда ал үчүн ар бир процент, ар бир добуш маанилүү болуп турган чак.

Журналист Пашинян
Азыркы Армян бийлигинин башчысы Никол Пашинян 43 жашта. Кесиби журналист. Окууну жалаң «5» деген баалар менен окуса да, өлкөдөгү саясий кыймылдарга катышканы үчүн окуудан чыгарылат. Бирок журналисттик кесибин таштабайт. Кабарчылыктан редакторлукка чейин барат. 1998-жылы «Орагир» көз карандысыз гезитинин редактору болуп, жалган жалаа менен 1 жылга эркинен ажырайт. Гезитке болсо олчойгон айып салынып басылма жабылат. Бир жылдан кийин «Айкакан жаманак» аттуу жаңы гезитти
ачат. Аны 2008-жылга чейин жетектейт. Анан ошол кездеги президентке импичмент жарыялаган топтун штабында иштегени үчүн кайрадан түрмө. 2011-жылы Армениянын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу амнистияга илинип эркиндикке чыгат. 2012-жылы можаритардык тизме менен парламентке депутат болуп шайланат. 2017-жылы өзүнчө «Елк» аттуу блок түзүп кайрадан паламентке келет.

Ал эми убагында ИИМдин, Коопсуздук Комитетинин министри болгон Серж Саргсян кийин 10 жыл президент болуп, экинчи мөөнөтү ортолоп калганда референдум жарыялап, өлкөгө парламенттик башкаруу системасын киргизип, 2018-жылдын 9-апрелинде президенттик экинчи мөөнөтү аяктааар замат кайрадан премьер-министр болуп чыга келет. Мына ошондо Пашинян Серж Саргсян менен ачык күрөшкө чыгат. Ал учурда бардык бийлик Саргсяндын колунда эле. Парламентте анын Армения Республикалык партиясы 105 орундун 58ин ээлеп турган. Андан кийинки 33 мандатка ээ Армениядагы эң чириген бай, олигарх делген Гагик Царукяндын «Царукян» альянсы да премьер-министр Серж Саргсян тарапта болгон. Мындайча айтканда Саргсян өлкөдөгү болгон бүт бийликти кармап турган. Мына ушул тирандык күч менен парламентте 5 гана мандатка ээ болгон Пашинян тирешке чыгат. Элдин күчү баарынан чоң күч экенин ушул жерден белгилеп кетсек болот. Авторитардык бийликти жок кылыш үчүн чукул парламенттик шайлоо
өткөрүш керек экендигин Пашинян эл алдында айтып чыгат. Анан акыры элдин толкуну менен парламент таркатылат. Анан соң 9-декабрда белгиленген шайлоодо элдик, Пашиняндык «Менин кадамым» блогу чоң айырмачылык менен (70, 4 пайыз) парламенттин жарымынан көп мандатына ээ болот. Бул деген бекем өкмөттү курап, Конституциясы боюнча өлкө башчысы болгон премьер-министрди тандоого, дайындоого
контрольдук пакетти алды дегендик.

Шайлоонун эртеси «Азыр элибиздин жашоосу оор. Бул жеңишибиз Армениянын экономикасында жана социалдык-экономикалык турмушунда реалдуу өзгөрүүлөргө жетишүгө карата кадам» – деди, учурда премьер-министрдин милдетин аткарып турган Никол Пашинян. Ал эми кечээ эле бүт бийликти мыкчып турган С. Саргсяндын партиясы 5 пайыздык чекти багындыра албай парламентке өтпөй калышты.

Француздар «Бизге азыр чыныгы лидер керек!» деп жатышат

Мындан туура 1, 5 жыл мурун (2017-жыл, 8-май) «экономиканы көтөрөм» деп коомчулукту ишендирген программасы менен шайлоочулардын 66, 6 пайызын алып Франциянын тарыхында эң жаш башчы катары бийликке келген 39 жаштагы экономист Эммануел Макрон негедир эконмиканы көтөрө албай жаткандай. Тилекке каршы анын ар бир жасаган же жасоого далалаттанган реформалары карапайым адамдардын чөнтөгүнө сокку болуп жаткан сыяктуу. Анан калса коомдогу нааразычылыктардын баары социалдык нааразычылыктардан жаралып келет эмеспи. Ал күйүүчү майга салыкты көбөйтүү, студенттердин билим алуусундагы контрактык төлөм акыларын жогорулатуу, саламаттыкты сактоо тармагында ошондой эле электр энергиясына жана газга болгон бааны кымбаттатууга болгон аракети француз элинин катуу кыжырына тийди. Анан туш-туштан ар кандай акциялар жаралды. Элди токтотуу үчүн (5-декабрда) айтылгандарына кайра мораторий киргизгенге мажбур болду. Бирок, анын бул аракеттеринен майнап
чыкпай, башында экономикалык талаптар менен башталган акциялар учурда саясий талаптарга айланып кетти. Франциянын ички иштер министирлигинин билдирген маалыматы боюнча ушул жуманын башында болгон (8-декабрдагы) акцияда көчөгө чыккан 125 миңден ашуун эл Макрондун жана анын өкмөтүнүн отставкасын талап кыла баштады. «Бизге азыр чыныгы лидер керек!» деп жатышат алар. Бир айдан ашык
убакыттан бери эл тынчыбай жатат. Ананда, полиция менен демонстранттар кагылышып,
1500гө жакын адам камакка алынганы айтылууда.

Канткен менен француз эли эркиндик эмне экенин, ошол эркиндик үчүн баштарын канжыгага байлап ал үчүн күрөшө билген эл. Буга дүйнө тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган Улуу француз революциясы күбө. 1789-1799-жылдардагы он жылга чейин созулган ал революцияда француз эли «Эркиндик. Теңдик. Биримдик. » деген девиз менен азыркы бийликтегиден да 100 эсе катаал болгон эски тартипти, абсалюттуу монархиялык бийликти кулатып, Францияда жаңы социалдык жана саясий
системаны трансформациялаган эл.

Үч күн мурун өлкөдөгү чыңалып бараткан экономикалык, социалдык жана саясий абалдан улам президент Э. Макрон өлкөсүнө коопсуздук абалды киргизди. Эми Франциядагы мындай абалдын аягы эмне менен бүтөөрү туман. Макрондун маанайы суз, кудум супсак бышкан макарондой.

Бурджанадзе эмнеден кабатыр?
Негизинен Грузия мамлекетинин Конституциясында 9 край, 2 автономиялык республикасы бар өлкө катары айтылып келет. Бириккен Улуттар Уюму да андагы Абхазия автономиялык республикасын Грузиянын курамындагы территория деп таанышат. Түштүк Осетия деле ошондой. Бирок, Түштүк Осетия экономикалык, саясий жактан Россияга ык коюп, ал тараптан аскердик жана экономикалык колдоо алып турганы айтылат. Ал эми жакында Грузиянын курамында делген Абхазия Республикасынын президенти Рауль Хаджимба борбордук бийлик менен эсептешпей Абхазиянын аймагына Сириядан 800 качкынды кабыл алаарын жана бул качкындарды кабыл алуунун биринчи этабы гана экенин жар салды. Мындай кадамга Грузиядагы «Демократиялык кыймыл» партиясынын лидери Нино Бурджанадзе учурдагы Грузин бийлигин, өлкөнүн премьер-министри Бидзин Иванишвилини сынга алган билдирүүсү менен чыкты. «Сиз Абхазияны Грузиянын бир бөлүгү катары эсептейсизби же анын көз карандысыз болуп өз алдынча
кетүүсүнө макул болдуңузбу? Сиздер азыр мамлекеттин бүтүндүгүн эмес, өз бийлигиңерди сактап калыш үчүн, президенттин инаугурациясын тынчыраак кайсы шаарда өткөрөбүз деген маселе менен алек болуп жатасыңар. Абхазия менен Түштүк Осетиядагы мындай өзүм билемдикке жол берсеңер эртең Абхазия менен Цхинвал региону эле эмес, бүтүндөй өлкөбүз колдон чыгып кетиши мүмкүн» деп билдирди.
Бурджанадзенин тынчсызданган мындай билдирүүсүнө Грузин бийлиги азырынча өз жообун айталбай турат.

Ал эми Грузин оппозициясы болсо өз маселелери менен кайыл. Алар 28-ноябрда болуп өткөн президенттик шайлоонуу жокко чыгаруу талабы менен алек. Ал үчүн бийликке 16-декабрга чейин мөөнөт беришкен. «Эгер биздин талап аткарылбаса 16-декабрда жүз миңдеген тарапташтарыбыз менен нааразычылык акциясына чыгабыз» деп жатышкан кербези. Эске сала кетсек, жакында болуп өткөн шайлоодо Грузин бийлиги колдоогого алган көз карандысыз талапкер Саломе Зурабшвили шайлоочулардын 59, 60 пайызын, ал
эми оппозициялык Григол Вашадзе жалпы шайлоочулардын 42 пайызына ээ болгон эле.

Автор: Кенжебек Арыкбаев

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *