Эт Кыргызстандын мунайына айланууда

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат.

Мындан тышкары, санитардык эрежелерди, заманбап технологиялык жүрүмдөрдү эске албаган мини-цехтер да иштейт. Аларда эт продукциялары иштелип чыгат, сакталат, ташылат жана сатылат. Бишкектин базарларында 1 кил уй эти 430-450 сомго чейин көтөрүлүүдө.

Мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. Ушул багыттарда Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап адал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени биргеликте иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетиштик. Адал стандарты азык-түлүктүн башка түрлөрүнө да жайылтылат.

Экономика министрлиги менен түзүлгөн келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ доллар. Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы.

Андан тышкары, өлкө аймагында 34 мал сойчу жай иштеп жатканы, алардын ичинен 3 жай гана мурдатан бекитилген 5 стандарттын талаптарына туура келет.

Кыргызстан Иран, Вьетнам, Арап өлкөлөрүнө жылына 1,5 миӊ тонна эт экспорттойт. Өлкө боюнча 53 субъектиге адал лицензиясы берилген. Ислам өнүктүрүү банкы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин, бул долбоорду ишке ашыруу багытында 10 млн долларга чейин каражат бөлүүгө даяр. Эгер өкмөт этти сыртка чийки бойдон эле сатпай, кайра иштеп чыгууну, мисалы, консервага буулап бышырып салууну, ичеги-карындарын да медициналык максатта колдонууну колго алса, төрт түлүк малдан мунай сыяктуу эле пайда көрөт элек.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *