ЭВФ: Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДП көлөмүнүн 70% жакындады

Эл аралык валюталык фонддун (ЭВФ) берген баасы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДП көлөмүнүн 70% жакындап калды. Бул тууралуу журналисттерге ЭВФ миссиясынын өлкөдөгү башчысы Эдвард Жемайэл билдирди.

Жемайэлдин айтымында, мамлекеттик карыз акыркы жылдарда кескин көбөйгөн. 2014-жылдын ортосунда эле мамкарыз ИДПга карата 43-44% болчу. Ал Кыргызстанда мамлекеттик карыздын өсүшү тынчсызданууну жаратып жатканын кошумчалап, бересе чектен ашып кетсе коркунучка кептей турганын белгиледи.

Мамлекеттик карыздын көлөмүнүн өсүшү менен өкмөт тапкан каражатты береселерди тейлөө үчүн жумшап баштайт. Буга байланыштуу ЭВФ бюджет консолидациясын жүргүзүп, акырындык менен тартыштыкты кыскартууну сунуштайт. Ал бул маселеге өтө кылдат мамиле жасоо зарылдыгын белгилеп, бюджеттик консолидация ИДПнын өсүшүн камсыздай турганын айтты.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *