Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Евробиримдик КР Президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз легитимдүү институт деп тааныйт
Расмий кабарлар

Евробиримдик КР Президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз легитимдүү институт деп тааныйт

Евробиримдик (ЕБ) Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз конституциялык бийлик жана легитимдүү институт катары тааныйт. Евробиримдик анын лидерлигине таянат жана Кыргызстандагы туруктуулук тынчтык диалогунун жардамы менен ишке ашат деп ишенет. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө КР Президенти Сооронбай Жээнбековго жолдонгон Евробиримдиктин Эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары Жозель Боррелдин кайрылуусунда айтылат.

Евробиримдиктин Эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары өз кайрылуусунда Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасы менен Евробримдиктин ортосундагы эки тараптуу мамилелерге, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Евробиримдик ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө жаңы макулдашууну илгерилетүүгө кошкон эбегейсиз зор салымын белгиледи.

“Евробиримдик парламенттик демократиянын тагдырына кайдыгер карабаган Кыргызстандын чыныгы досу жана ишенимдүү өнөктөшү бойдон калууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Евробиримдик өлкөнүн Президентинде учурдагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн жетиштүү сандагы күчтөр жана механизмдер бар деп эсептейт. Евробиримдик бардык саясий күчтөрдүн, күчтүү жарандык коомдун жана жаштардын колдоосу менен Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү кризистен алып чыга алат деген үмүтүн билдирет.

Мындан сырткары, Евробиримдик жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга, анын ичинде Кыргызстандагы парламенттик шайлоону кайтадан өткөрүүгө даярдыгын билдирди. Буга чейин, Евробиримдик пандемияга байланыштуу да Кыргызстанга  жардам көрсөткөн.

Япония Кыргызстанга акысыз түрдө коронавирусту табуу боюнча 2000 тест берди

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт

Январь-август аралыгында Кыргызстанда орточо айлык акы – 236 долларды же 16,4 миң сомду түзгөн