Евробиримдик Түркия менен чукул саммитин узартты

 

Брюсселдеги бүгүнкү чукул саммитте Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кабылган эң ири качкындар кризисин жөнгөрүү аргасы кайрадан талкууланып жатат.

Түркиянын премьери Ахмед Давутоглы жыйында жаңы сунуш киргизгенден кийин саммит узартылды.

Давутоглынын басма сөз катчысынын айтымында, Анкара “проблеманы чечүүнүн жолун ачууга” аракеттенүүдө.

Анкаранын өкүлү жаңы сунуштун чоо-жайын айтуудан баш тартып, бирок Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгү көтөрүлгөнүн белгиледи.

Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн лидерлери саммитте качкын макамы берилбей турган миңдеген мигрантты Түркиядан кайра артка алууну суранары күтүлгөн.

Брюссель Анкара менен мигранттар агымын токтотуу боюнча макулдашууга былтыр ноябрда жетишкен болчу.

Мигранттар менен качкындардын турмуш-тиричилигин Түркияда камсыздоо үчүн Евробиримдик 3,3 миллиард доллар ажыратмак.

Брюсселдин эсебинде Түркия бул макулдашууну аткаруу жагынан айрым бир жылыштарды жасады, бирок азыр да мигранттардын Түркиядан Грецияны көздөй агымы токтогон жок.

Грецияга Түркия тараптан күнүнө 2000ден ашуун мигрант келип түшүүдө.

Македония жана Евробиримдиктин Батыш Балкан жолундагы өлкөлөрү чек араларын иш жүзүндө жаап салгандыктан азыр Грецияда быйыл келгендерден 30 миңден ашуун мигрант камалып турат.

Быйылкы жылдын эки айынын жыйынтынгында Евробиримдиктин чегине 134 миңден ашуун качкын жана мигрант кирген.

Грузиянын армиясында алгачкы намазкана ачылды

Алгачкы намазкананы Грузиянын коргоо министри Тина Кидашели ачты.

Министр Кутаиси шаарында, жөө аскерлердин 3-бригадасындагы салтанат учурунда белгилегендей, Грузияда дин эркиндиги Конституция менен кепилденген.

Министр грузин аскер кызматчылары үчүн дагы эки намазкана жакын арада ачыларын кошумчалады.

Мусулмандар грузин калкынын 10% түзөт. Бирок буга чейин алардын активисттери мечит же медресе ачуу аракеттерине кастык мамиле жана бут тосуулар жасалып жатканын айтып келишкен.

2014-жылы Ажария аймагында медресе жайгашат деген имаратка белгисиз адамдар чочконун башын илип кетишкен эле. Жергиликтүү мусулмандар муну аларды кордоо катары кабыл алышкан.

Булак: “Искра”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *