Евробиримдик Тоолуу Карабактын тургундарына жардам көрсөтүүгө 3 млн евро бөлөт

Европа биримдиги (ЕБ) Тоолуу Карабактын куралдуу кагылышуулардан жабыркаган тургундарына жардам берүү үчүн кошумча 3 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу ЕБдин билдирүүсүндө жазылган.

Евробиримдик бул максатта октябрда да 900 миң евро бөлгөн.

Билдирүүдө ЕБдин гуманитардык өнөктөштөрү жабырлануучуларга азык-түлүк, кышкы товарлар, медициналык жабдуулар өңдүү базалык жардам жетирип бере алышары жазылган.

ЕБдин каатчылыктарды башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич коронавирус эпидемиясынын шартында жана суукта көчүп жаткан адамдарга карата тынчсыздануусун билдирди.

Тоолуу Карабактагы кезектеги куралдуу кагылышуулар быйыл сентябрдын аягында башталган. Алты аптага созулган согушта Азербайжан Түркиянын колдоосу менен Карабактагы бир нече районду ээлеп алууга жетишти. Ноябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Орусиянын президенти Владимир Путин тынчтык келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймакка өзүнүн тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштырган. Ошол эле маалда Азербайжанда түрк-орус мониторинг борбору түзүлөт.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *