Европа жана Азия социалдык өнүгүү институтунда кыргыз-кытай эки тараптык мамилелерине арналган тегерек стол болуп өттү

Кечээ, 9-июлунда КЭРдин Мамлекеттик кеӊешинин өнүгүүнү изилдөө борборунун алдындагы Европа жана Азия социалдык өнүгүү институтунда кыргыз-кытай эки тараптык мамилелерине арналган тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси К.Бактыгулова, Элчиликтин өкүлдөрү, КЭРдин Мамлекеттик кеӊешинин өнүгүүнү изилдөө борборунун алдындагы Европа жана Азия социалдык өнүгүү институтунун директору Ли Фэнлин, жана ошондой эле аталган Институттун жана башка изилдөө борборлордун профессорлору менен изилдөөчүлөрү катышышты.

Тегерек стол учурунда катышуучулар мамлекеттер ортосундагы саясий өз ара ишенимдин деңгээлине жана акыркы учурда болуп өткөн эки мамлекеттин башчыларынын жолугуушууларынын жыйынтыктарына жогорку баа берип, эки тараптуу мамилелердин кезектеги абалы менен келечеги, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү кызматташтык, коопсуздук жана ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттешүү тууралуу маселелерди талкуулашты.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *