Европада коронавирустан 17 секунд сайын бир адам көз жумат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европада 17 секунд сайын COVID-19ду жуктуруп алган адам көз жумарын эсептеп чыккан. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

ДСУнун Европа аймактык директору Клюгенин айтымында, уюмдун классификациясы боюнча Европа аймагынын курамына кирген 53 мамлекетте 15,7 миллион коронавирус учуру, акыркы айда 4 миллионго жакын учур катталган.

Ал белгилегендей, акыркы эки жумада Европа өлкөлөрүнүн 80 пайыздан ашыгы оорунун көрсөткүчтөрүн белгилешти – 100 миң адамга 100дөн ашык учур.

Ханс Клюге Европада саламаттыкты сактоо тутумдары өз чегинде иштеп жатканын белгиледи. Тактап айтканда, Францияда реанимация бөлүмдөрү 95 пайызды ээлесе, Швейцарияда 100 пайыз.

Бир күн мурун ДСУ Европада коронавирустун жаңы учурлары азайганын, бирок каза болгондордун саны өсүп жаткандыгын билдирген.

Уюмдун маалыматы боюнча, өткөн жумада Европа өлкөлөрүндө оорунун жаңы учурлары үч айдын ичинде биринчи жолу азайган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *