Фабула пресс: “Оку да, үшкүр!”

ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

-20-март күнү Каракол шаарында өткөн рейд учурунда 1982-жылы туулган “Хизбут-Тахрир” уюмуна мүчө катары шектелген жаран кармалган. Анын үйүн милициялар тинтүүгө алганда үйүнөн аталган уюмдун иш аракетин үндөөгө багытталган китептер, баракчалар табылган. Кармалган жаран учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сурак берип жатканы маалымдалды.

КАРМАЛБАЙ ЖҮРҮП КАРМАЛГАН

-Былтыр 2016-жылдын июль айында Чүйдүн Сокулук районунда жеңил машинесин менен таксист болуп иштеген 28 жаштагы жаран милицияга кайрылган. Ал 14-июль күнү белгисиз жаран аны Сокулуктун четиндеги талаага алдап айдатып барып акчасын бербей коркутуп, жанындагы 3 миң сомун жана уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Кылмыш иши козголуп, тоноочу издөөгө алынган. Мына ошол карактоого шектүү 25-30 жаштардагы жаран аз күн мурун милициянын кылтагына илиниптир. Азыр ал сурак берүүдө. Ал жаран буга чейин ал эле эмес, андан башка бир топ кылмыштарды жасаганы мүмкүн экени айтылууда.

ЛЕОНИД ТУЗОВДУ БЫЧАКТАГАНДАР КАРМАЛДЫ

-13-март күнү Бишкек шаарында Леонид Тузов атуу орус улутундагы аксакал жаранды жашаган квартирасына кирип барып бычактап коркутуп телефондорун, медалдарын, бардык суммасын эсептей келгенде 182 миң сомдук оокатын шыпырып кеткен аял кылмышкерлер колго түшкөнүн милициядан кабарлашты. Белгилүү болгондой, 25 жана 30 жаштагы эки аялдын бири боюнда бар экенин, үйүнө кирип дааратканасына заара кылып алаарын өтүнүп, Леонид аксакалдын эшигин ачтырган. Эч нерседен капар албаган аксакал эшикти аялдарга ачып берген. Кирип барып эле экөө аксакалды каракташкан.

БЫЧАК ТАКАП КЫЗДЫ КОРКУТКАН

-22-март күнү саат кечки алтылар чамасында Бишкектин 7-кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган 29 жаштагы кызды үй алдынан кармап алып, бычак менен коркутуп кымбат баалуу телефонун белгисиз жаран тартып алып из жашырган. Кыз милицияга арызданган. Көп өтпөй эле 23-март күнү кылмышка шектүү 34 жаштагы Чүй облусунда туулган жаранды милициялар кылтакка илип суракка алганда, ал кызды коркутуп телефонун тартып алганын толук мойнуна алган.

НООРУЗДА 13 ӨСПҮРҮМ ЖОГОЛДУ

-Нооруз күнү шаар ичиндеги майрам маалында 14 өспүрүм жоголуп, алар милиция тарабынан кайра табылып жакындарына берилген. Жанындагы баласын жоготуп ата-энелер каякты карап ооздорун ачып жүрүштү экен?..

ЖАЛАЛ-АБАДДЫК ЖАРАНДЫ ЖАЙЛАГАН

3 -март күнү Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө Шота Руставели көчөсүндө болжол менен 30 жаштардагы жарандын сөөгү жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Ошол замат өлүк жаткан жерге жетип барып, милициялар өлүктүн өздүгүн тактаганда, ал 30 жаштагы Жалал-Абад облусунда туулган жаран болуп чыккан. Ал ур-тепкиге алынып, кыйналып өлтүрүлгөнү аныкталган. Мына ошондон бери аны өлтүргөн кылмышкер изделип, кечээ 23-март күнү кармалганын милициядан кабарлашты. Ал 31 жаштагы Жалал-Абаддын тургуну экени аныкталган.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *