Фарид Ниязов шайлоодо коротулган каражаттар тууралуу үн катты

Былтыр президенттик шайлоонун алдында Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов үгүт иштери учурунда анын алган акчалары тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтар боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматынан кабарлады.

“Мен штабды башкарып, анын ишин уюштуруп жүргөм. Бирок шайлоо өнөктүгүн каржылоо менин милдетиме кирчү эмес. Президенттикке талапкер ал маселелерди штабдагы башка эки жооптуу адам менен талкуулачу. Биз ал материалдарды кылдат изилдеп жатабыз. Документтеги ысымдар жана иш-чаралар реалдуу экенин мойнума алам. Даталар да туура көрсөтүлгөн. Анын ичинде мен тууралуу да. Башка даталар жана сандар тууралуу документте аты аталгандардан сурап, тактаса болот. Мен башкарган штаб шайлоо мыйзамдарынын алкагында иш алып барган. Менин бир да кызматкерим мыйзам бузмак эмес. Анын үстүнө мунун баарына биздин юристтер, БШК жана башка талапкерлердин штабдары көз салып турган”,- деп билдирген Фарид Ниязов.

Кечээ, 15- ноябрда укук коргоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун штабы “2017- жылдагы президенттик шайлоого жумшаган”- деген каражаттардын тизмесин жарыялаган.

1 ой-пикир

  • Ушу Фарид Ниязов баш болгондор Алмаз Атамбаевди талтандатып коптургон.Мындайлар акча учун баарын жасашат.Токтакунов деген адвокат да Исаков акчаны коп берсе Аны Актоого аракет жасайт.Мындайлар турганда элдин акчасын- жегендердин Кусушу кумон.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *