Феликс Кулов, экс-депутат: “Атамбаев чектен чыккан “жоруктарына” жараша татыктуу жообун алды!”

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ар-Намыс” партиясынын төрагасы, белгилүү саясатчы Феликс Кулов “5-каналга” маек берип, анда мурдагы президент Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу, учурдагы саясий кырдаал ж.б. маселелер боюнча суроолорго жооп берди. Төмөндө аталган маекти сунуш кылабыз.

– Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “экс” макамы алынды. Коомчулукта мурдагы президентти эмне кылуу керек деген суроолор пайда болууда. Ал киши да ар кандай аракеттерге барып, андан бетер суроолорду жаратууда. Сиз бул жагдайга кандай көз караштасыз?

– Эгерде юридикалык көз караш менен карай турган болсок, кызыктай жагдайды көрүүгө болот. “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө” мыйзамынын “экс” макамын караган бөлүгүндө парламент тарабынан “экс” макамынан ажыратыла тургандыгы жазылган. Бирок башка беренеде экс-президентке айыптоо корутундусу чыкса, анда ал бардык кепилдиктерден ажырай тургандыгы көрсөтүлгөн. Экс макамы алынганда, мамлекеттик артыкчылыктардан ажыратылбайт, айыптоолор тагылса, бул привилегиялардан кол жууйт. Мыйзамда мындай артыкчылыктар экс-президенттен алынып салынары айтылган, муну менен юридикалык коллизия жаралууда. Мыйзам карама-каршылыктуу жазылып калганын байкоо кыйын эмес. Бул албетте, жаман көрүнүш.

“Эмне кылуу керек?”- дегенге келсек, Атамбаевге эми үч айдын ичинде юридикалык айыптар тагылышы керек. Башкы прокуратура бул убакыттын ичинде айыптоо корутундусун чыгарууга жетишпесе, анда бул маселеге кайрылууга мүмкүн эмес болуп калат.

– Эмне үчүн кол тийбестик макамынан ажыратылары менен айып тагылган жок?

– Айыптоо кылмыш иши болгондо тагылат, мында азырынча кылмыштын белгилери болууда. Уятыраак болсо да бир мисалды келтире кетейин. Мисалы, бардыгы бир аялды жаман жолдо жүрөт деп айыптап атат дейли, бирок аны эч ким далилдей албайт, эч ким жанында шам кармап турган эмес. Кылмыштын белгилери боло берет, бирок аны эч ким далилдей албашы мүмкүн. Бул жерде да ошондой болуп атат, юридикалык жактан алганда кылмыштын белгилери бар, бирок кылмыш кылганы үчүн айыптоого болбойт. Ал үчүн далилдик базалар керек.

– Бир жарым жылдын ичинде эмнеге далилдик базаларды даярдашкан жок? Юридикалык жактан алганда, экс макамынан ажыратылары менен айыптарды такса болот эле го…

– Бир жарым жылдын ичинде Атамбаевге карата тергөө, иликтөө иштери жүрүшү мүмкүн эмес болчу. Качан экс макамынан ажырыталгандан кийин гана ал жасаган кылмыштарды табуу, тергөө, иликтөө иштери башталат. Ага чейин андай иштерди жүргүзгөнгө эч кимдин укугу жок.

– Мыйзамдын негизинде документтерди топтошуп, анан дароо айыптоо тагышса болбойт беле?

– Кээ бир иштер, атап айтканда, Бишкек ЖЭБи, музей, Батукаев боюнча жүргүзүлгөн сурактарда айрым көрсөтмөлөр Атамбаевге каршы болду да. Аларды өзүнчө өндүрүшкө бөлүп алып, топтоп, аларды парламентке көрсөтүп, анан ошонун негизинде тиешелүү процедураларды жүргүзө алышат.

– Эгерде жагдай сиз айткандай болсо, анда мурдагы президент эмнеден коркуп атат? Эмнеге өзүн коргоо үчүн баррикада түзүп жатат?

– Бул жумшак айтканда, саясий жактан алысты көрө албагандык. Мен буга чейин жазгам, ал убакта президенттин иммунитеттери болгондугуна байланыштуу аны эч ким кармай да, камай да албайт болчу. Ал болгону өзү келип эле көрсөтмөлөрдү бергени туура болмок. Тергөөчүлөр ага кайрылып, өз ыктыяры менен көрсөтмө берүүнү сунуш кылышы керек эле. Экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзамда кылмыш жоопкерчилигине тартылбай тургандыгы белгиленген. Өзүмдүн тажрыйбаман мисал келтирип кетейин. Коопсуздук министри болуп иштеп турганымда, биринчи вице-премьер-министр Нанаевди суракка алуу керек болду. Мага тергөөчүлөр расмий түрдө кайрылышты. Мен кызматтык этиканы сактоо менен премьер-министрге кызматтык кат жазып, анда биринчи вице-премьер-министрди суусундуктарды өндүргөн “Гималай” ишканасы боюнча суракка алуу зарылчылыгы бардыгын билдиргем. Ал үчүн аны чакыруу милдеттүү эмес, сурак берчү жерди өзү тандасын, өзүнө ыңгайлуу жерди айтса, тергөөчүлөр барышат. Эмне үчүн тергөөчүлөр ушундай жолдорго барышкан жок? Эмне үчүн аны суракка алуу зарылчылыгы бар?

Өзүңөр билесиңер, ал Бишкек ЖЭБи сыяктуу көп иштерди бүткөрүүгө катышканын бир нече жолу айтканы бар. Эмнени бүтүрдү, кантип оң чечим кабыл алууга жетишти, тергөөчү мына дал ушундай суроолорго жооп алышы керек болчу.

Атамбаевдин баррикада түзүп алганы туура эмес. Андан көрө көрсөтмө берсин, анын берген көрсөтмөсүнөн абакта олтургандардын тагдырлары чечилиши ыктымал. Алар жөн гана команданы аткаргандары үчүн олтургандарын айтышууда. Балким, алардын күнөөлөрү бир аз гана болушу мүмкүн, балким таптакыр күнөөлөрү жок чыгар. Ошондуктан мурдагы президент адам, жигит катары болгон чындыкты айтып бериши керек.

– Мурдагы президент көрсөтмө берүүнү өзү демилгелесе болот эле да…

– Албетте, өзү интервьюларды берип атат, бирок көрсөтмө бербей эле баррикада түзүп атканы таптакыр туура эмес.

– Март айынан бери бир канча митингдерди өткөрүп, анда сөз сүйлөп, кырдаалды курчутуп атат.

– Анын болгон мүнөзү ошондой…

– Ошол митингдерде эл дүрбөп, Акүйдүн алдына бара тургандай кырдаал жаралган жокпу?

– Мага ушул суроону көп беришет. Бир жагдайды белгилеп кетейин. Баары эле “революциялык кырдаал” дегенди айтышат. Революциялык дейбизби, төңкөрүштүк дейбизби, ал үчүн шылтоо болушу керек. 2005-жылдагы революцияда Атамбаев “Форумдун” алдында чогулган элди Акүй тарапты көздөй ээрчитип жүрүп олтурган. Ошондо Атамбаев мегафон аркылуу “этият болгула, курал колдонулушу мүмкүн, снайперлер жүрөт”- деп сүйлөп турган. Колоннадагы элдерге башкалар кошулуп, көбөйө берген. Анан эле ак кепкачандар пайда болуп, таштар менен ургулашып, эл туш тарапка тарап кеткен. Мындайды күтпөгөн элдин жаалы келип, ак кепкачандарды тоотпой, Ак үйгө чейин кирип келип, бийликти кулатышканын билебиз.

2010-жылы болсо так эмес маалыматтар боюнча “Форумдун” алдында курал-жарактар жүктөлгөн КАМАЗды айдап келип токтотуп коюшат. Кароосуз калган курал-жарактарды ал жердегилер алып алышып, анан колдоруна курал алышкан эл Ак үйдү көздөй жөнөшөт. Куралчандар келип атышканын көргөн күч түзүмдөрү курал колдонуу чечимин кабыл алышат. Ошол жерге бир полковник уулу менен келет. Анын көз алдында уулу атылган октон көз жумат. Андан соң достору келип, алардын бири да октон көз жумат. Мындай жагдай кимди болбосун акылдан адаштырып, жырткычка айландырып коюшу ыктымал. Анан алар эмне кылышты? Албетте, өч алуу үчүн Акүйгө чабуул коюшту да. Мында да революция жасаганга шылтоо болгон.

Атамбаев эми эмне кылат? Ага барган тергөөчүлөрдү атабы? Аны суракка чакырышат, ал
баш тартат, мажбурлап суракка алып келүүгө аргасыз болушат. Тергөөчү участкалык милиция менен барса, ал жердегилер курал колдонушабы? Эгерде Атамбаев ошондой кадамга барса, анда уят! Ал көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Эмне үчүн коркуп жатат? Азыр кылмыштын белгилери гана бар. Аны Маевскийдин көрсөтмөсү менен эле Текебаевди камагандай кылып камакка алыша турган болсо, элдин баары көрүп турат, ага жол бербейт. Анда мен дагы кыртышым сүйбөгөнүнө карабай Атамбаевди коргоп чыгам. Текебаев менен Маевский окуясынын кайталануусуна жол берилбеши керек. Кылмыш ишин козгоого жетиштүү далилдер болушу зарыл. Ошондо эл ишенет, ансыз бул саясий өч алуу гана болуп калат.

– Марттан бери өткөрүп келаткан митингдерде Атамбаев баштагандар сырттан кандайдыр бир шылтоону күтүп жатышкандай болду. Өздөрү жоопкерчиликтен качуу үчүн шылтоо беришкен жок. Бирок алар бир нерсени күтүп жатышкандай…

– Алар эмнени күтүп жатышты? Менде болгон маалыматтар боюнча, революцияны фанаттар жасап, анын үзүрүн башкалар көргөндөй эле кандайдыр бир ызы-чуу, хаос болуп кетсе, ошондон пайдаланып талап-тоноолорду уюштурууну каалаган күчтөр, ошондой куйтум максатты көздөгөндөр бар. Бирок бийлик мыйзам чегинде андайларга карата катуу чараларды көрүшү керек. Охлократиялык көрүнүштөрдүн орун алуусуна жол берилбеши зарыл. Андай учурларда талап-тоноочулуктарга бардык жарандар катышышы мүмкүн. Үчүнчү революция тууралуу сөз болбошу кажет. Эгерде ага жол берилсе, анда мамлекетти ачкыч менен кулпулап эле койгонубуз оң. Аталышы калат, эшиги жабык болот, бирок мамлекетке башка эч ким келбейт. Өлкөбүздү жоготуп алуу коркунучу турат. Мамлекеттин эртеңи, элдин ынтымагы, биримдиги деген маселе турат. Ага кымындай эле шек келчү болсо, бардык катаал чаралар көрүлүшү керек! Башка жол жок.

– Мурдагы президент ЖЭБ боюнча келишимди парламент ратификациялаганын билдирип, депутаттардын да жоопкерчилиги бардыгын айтууда. Сиз кандай дейсиз?

– Конституцияны карайлы, парламент бир эле мезгилде эң жогорку мыйзам чыгаруучу жана өкүлчүлүк орган. Мыйзам чыгаруучу орган деген эмне? Ар кандай келишимдерди, документтерди ратификациялап берет, андан кийин алар күчүнө кирет. ЖК комитеттеринин милдетине келишимдердин техникалык жактарын кароо киреби? Жок. Алар бул жаатта эксперт же адистер эмес. Атүгүл бир мыйзамды кабыл алуудан мурда да мыйзам долбоору беш түрдүү атайын экспертизадан өткөрүлөт. Ошондуктан депутаттардын милдетине кандай жабдуулар, техникалар, кычкачтар сатылып алынарын, алардын баалары кандай болорун кароо кирген эмес. Бул парламентарийлердин милдетине кирбейт. Депутаттардын милдетине келишимди ратификациялап берүү кирет. Алар чечимди кабыл алышардан мурда мыйзамдарга туура келеби, эл аралык нормаларга, мамлекеттин суверендүүлүгүнө, элдин кызыкчылыгына каршы келбейби ж.б. маселелерди карашат. Долбоордун суммасы канча, 1 млрд. долларбы, же 1 млн. долларбы, аны адистер кароого алышат. Ошон үчүн депутаттар келишимдердин ратификациялоо үчүн жоопкерчилик тартышы мүмкүн эмес.

– Техникалык экономикалык негиздемеси жок долбоорду ишке киргизүү туура эмес го.

– ТЭН (техникалык экономикалык негиздеме) келишим бекитилгенден кийин жасала баштайт, ага жүз миңдеген долларлар керектелет. А эгерде Кытай тарап менен келишпестик болуп, долбоор ара жолдо калчу болсо кандай болот? Жумшалып калган каражаттын ордун ким калыбына келтирет? Ошондуктан баары ратификация болгондон кийин башталат. Ушул жерден бир мисал келтирип кетейин. Биз газ түтүктөрүн Алай району аркылуу өткөрүү боюнча келишимди караганбыз. Фракциянын жыйынында мен “Алайдын эли газдан колдонушабы?”- деген суроону коюп, алайлыктар өздөрүнүн аймагы аркылуу өткөн газдан пайдаланыша тургандай кылгыла деген маселени көтөрдүм. Ошондо анын чыгашасы көп болуп кетерин, район тоолуу, кичинекей экенин айтышып, акчалай түрүндө берип турушарын айтышты. Мен аны менен макул болбой райондун, элинин кызыкчылыгы үчүн газ түтүкчөлөрүн жеткирүү маселесин коюп туруп алдым. Техникалык жактан мүмкүн эмес экендигин айтып, баш тартышты, мен макул болбой коё албадым. Адистер айтып жаткан соң алардын айткандары менен макул болгонбуз.

– Атамбаевдин ар кимдерди саткын деп айыптоолору боюнча көз карашыңыз кандай?

– Бул айыптоолор жекече мамилелердин бузулгандыгынан улам болууда. Жашыруун эмес, Атамбаев парламентке өткөн бардык партиялардын тизмелерин түзүүгө катышкан. Кимдер депутат болуп келүүсү керектигин өзү чечкен, аны элдин баары билет. Муну менен ал өзүнүн таасириндеги зор парламентке ээ болууну көздөгөн. Өзү тизме аркылуу алып келгендер өзүнө берилүү менен кызмат кылышат, сатып кетпейт деп ойлогон, ишенген. Бирок турмуш көрсөттү, адам деген ар кандай болот экен.

– Мурдагы президент учурдагы өлкө башчысын бийликке алып келди. Демек, ал сатпашы керек, аны укпай койгону үчүн эле саткын деп айыптаганга кандай карайсыз?

– Акыркы президенттик шайлоо болгондо, биз “Таза шайлоо үчүн” уюмун түзүп, ага Роза Отунбаева баш болгон бир топ саясий жана мамлекеттик ишмерлер кирген. Ошондо биз шайлоонун жыйынтыгы менен бүтүм чыгарып, Атамбаевдин күнөөсүн көрсөткөнбүз. Анда Атамбаевдин мугалимдер менен жолугушууларды өткөрүп, Жээнбековго добуш берүүгө айткан чакырыктарын, үгүттөрүн белгилегенбиз.

Бабановдун аракеттери боюнча да бүтүм чыгарганбыз. Анын Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө кылмыш иши болгон эмес. Саясий жактан гана ката сүйлөп алган. Ага ушул өңүттө гана айып тагууга болот. “Силердин айылыңардын жолу жаман экен, кошуна айылдын жолу жакшы экен. Президент болуп калсам силердин жолуңарга да асфальт төшөлөт. Ал айылда кыргыздар жашайт экен, бул айылда өзбектер жашайт экен”- деген мааниде сүйлөгөн. Ушул жерден бири бирине каршы коюудай туюлуп атпайбы. Бирок мында кылмыш жок. Бул улуттар аралык чагымчылдыкка чакыруу эмес. Жөн гана шайлоочулардын добуштарын алууга болгон аракет. Болгону одоно саясий катачылыкка жол берип койгон.

Бүтүмдө Жээнбековдун шайлоодогу жеңиши таза, акыйкат болгонун да белгилегенбиз. Эгерде Бабанов түштүктө катачылыкка жол бербегенде, шайлоонун 2-айлампасы болмок. Прогноздор боюнча Жээнбеков 2-айлампада жеңишке жетишмек, бирок Бабановдун “жоругунан” кийин түштүктүн эли андан жүз буруп кетти.

Ал эми Жээнбековдун жеңиши Атамбаев аркылуу гана болду деген туура эмес. Мында Жээнбековдун өзүнүн инсандыгы, жеке бейнеси да чоң роль ойноду. Атамбаевдин салымы болду, бирок чечүүчү ролду Жээнбеков менен анын командасы ойноду. Муну калыстык үчүн моюнга алышыбыз керек.

Атамбаевдин Жээнбековду саткын деп жатканына келсек, мага жеткен маалыматтар боюнча, КСДПнын съездинин алдында экөөсүнүн ортосунда сүйлөшүү болгон. Анда экөөсү өз алдыларынча келишимдерге келишип, тил табышып, жакшы маанайда кетишкен. Бирок шерттешүүлөрдү Атамбаев бузуп атпайбы. Жээнбеков Атамбаевге жагабы, жокпу, бирок саткын, ж.б. деп айыптоолорду тагуусу туура эмес. Каалайбызбы, жокпу Жээнбеков өлкө башчысы. Атамбаев анын кызмат ордун деле болсо сыйлап, жогорудагыдай сөздөрдү айтпашы керек болчу.

Мен Жээнбековдун кадамдарынан эч кандай саткынчылыкта көргөн жокмун. Атамбаев болгону жигитчилик шертти, кол алышууну бузду. Ал аз келгенсип мазактап, шылдыңдап, кемсинткенге өтпөдүбү. Ошого жараша татыктуу жооп алды.

Арина Рыспаева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *