Феликс Кулов, генерал-лейтенант: “Бабанов менен сүйлөшкөнүмдө “Бийликтин кереги жок, саясаттан бийик баалуулуктар бар экен” деп айтты”

– Феликс Шаршенбаевич, өткөн маекте 7-8-августта болгон окуяга токтолуп, Атамбаевдин кадамына баа бердиңиз эле. Эми өзүңүз күбө катары тергөөгө кирип чыккан Батукаевдин иши, Бабанов, Текебаев, алдыдагы шайлоо тууралуу кеп козгойлу?

– Жакшы болот. Билгенимди, өзүмдүн пикиримди айтайын.

– Сиз Атамбаев президент учурунда киргенимде, ал мага “Шамиль Атаханов, Батукаев оорулуу, ал эч кимди өлтүргөн эмес. Бул жакта калса эки “мыйзамдагы уурунун” ортосундагы тиреш күчөйт. Ал эч кимди өлтүрбөсө, оорулуу болсо бошотуп жибербейлиби? ” деп суранды. Мен андай болсо карап көргүлө деп макул болгом” деп айткан дегенсиз. Атамбаев “карап көргүлө” дегенден (башка тапшырма берген эмес дегенге ишенесизби?

— Мен Атамбаев Батукаевди кандай болсо дагы чыгаргыла деп тапшырма берди дегенге ишенбейм. Андай болушу мүмкүн эмес. Мисалы, УКМКнын төрагасы Опумбаев 7-августтагы операция жөнүндө “Биз президентке беш вариантты сунуш кылганбыз” деп айтып жатат. Бул окуяны иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия ушуну бир момент катары сөзсүз карашы керек. Бир дагы жетекчи мыйзамды бузсаңар дагы кармагыла деп айтпайт. Баары мыйзам чегинде иш алып баргыла дейт. Сооронбай Жээнбеков дагы, Алмазбек Атамбаев дагы юрист эмес. Экөөсү тең мыйзам чегинде аракеттенгиле деген болуш керек. Атамбаевди үч жолу суракка чакырды. Ал баш тартып барган жок. Эми мажбурлоо жолу менен алып келүү варианты гана калды дешти да. Жээнбеков мыйзамда ушул нерсе каралган болсо, ошонун негизинде иш алып баргыла деген болсо керек. Атамбаев дагы Атахановго мыйзам чегинде карап көргүлө деп айтышы толук мүмкүн. Атаханов Атамбаев тапшырма берген деген күндө дагы, Атамбаевдин кандай деп тапшырма бергени сөзсүз катталышы зарыл. Мен Батукаевдин ишинде Атамбаевдин күнөөсү бар дегенге ишенбейм.

– Сиз айткан жетекчилердин расмий жолугушуусунда боло турган сөз да. Эки адам жолугуп, ушул ишти ишке ашырсак деп кеңешкен учурда башка сөздөр айтылышы мүмкүн экенин жокко чыгара албайбыз да. Атаханов менен Атамбаев жолукканда көшөгө артында мыйзамдын тилине салбай сүйлөшүү болсо керек деген вариантты жокко чыгара албайбыз да?

– Мисалы, Атамбаевге башка жактан дагы чыгышып, “Алмазбек Шаршенович, биздин жердеш болот, жардам берсеңиз…” деген кайрылуу болгон деген кеп бар. Бул дагы бир вариант. Мунун чын же калп экенин билбейбиз. Атамбаев Атахановду чакырып, кандай кылабыз деп өтүнсөчү? – деген суроону мага дагы беришти. Анда дагы мыйзам чегинде карап көргүлө деп айтышы мүмкүн. Кандай болсо дагы чыгарасың деп эч ким айта албайт.

– Атаханов тергөө менен кызматташып, Атамбаевге түздөн-түз көрсөтмө бергенин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте көрсөтпөдүбү. Башкы прокурор ишенимдүү түрдө айтып жаткан соң, Атамбаевге каршы илинчек барбы?

– Атаханов жөнүндө дагы күмөн болуш керек. Анын баласы Алма-Атадан Бишкекке самолёт менен учуп келди. Батукаевди Чеченстанга ошол самолёт менен жиберди. Калганын тергөө көрсөтөт.

– Атамбаевдин соттолуп кетүүсү Жээнбековго кандай таасирин тийгизет?

– Эгер сот Атамбаевди туура эмес соттосо, Жээнбековго сөзсүз терс таасири тийет. Ошон үчүн анын күнөөлүү экенине 100 эмес, 300 пайыз далил болушу керек. Батукаев боюнча ага каршы қөрсөтмөнү Атаханов, Рысалиев, Сагинбаева, Салянова гана берет. Ушул төрт кишиден башка жок. Булардын көрсөтмөлөрү так болгонуна ишенбейм. Атамбаев төртөөсүнө тапшырма бербейт. Божомолубуз менен Атаханов менен Рысалиевге айтты дейли. Рысалиев учурунда Атамбаев менен жакшы мамиледе болду. Эмне үчүн жакшы мамиледе болду? Атамбаев Текебаевге каршы тапшырма берди. Рысалиев ЖАМКда иштеди. ЖАМКга ал иш карабайт болчу. Демек, ишенимдүү адам болгон. Атаханов менен Рысалиевдин мамилеси начар экен. Рысалиев Атахановго ишенбей, өзү Атамбаевге чыгышы мүмкүн. Ал жакка барганда “эртең тополоң болбосун” деген сөздү уккан болсо керек. Демек, Атамбаевге Атаханов менен Рысалиев гана каршы көрсөтмө бере алат. Бул менин божомолум. Сагинбаевага эч нерсе дебесе керек. Атамбаевди Рысалиев менен Атахановдун көрсөтмөсү менен камаса эч ким ишенбейт. Опумбаев “Президентке беш вариантты сунуштап, ушул вариантка токтолгонбуз” дебедиби. Жээнбеков Атамбаевди кармоо операциясын башкарган штабдын начальнигиби? – деп күлкүм келген. Бул жеткен акылсыздык да. Ошондуктан, Жээнбеков Атамбаев экөө тең мыйзамды бузгула деген тапшырма бербейт. Жээнбеков азыр абдан этияттык менен саясат жүргүзүп жатат. Атамбаев канча жамандаса дагы ал тууралуу бир дагы сөз айткан жок. Бул дагы кызык момент.

– Өзүңүз Батукаевдин иши боюнча канча жолу тергөөгө бардыңыз?

– Бир эле жолу бардым. Шамиль Атаханов менен Алмазбек Атамбаевдин сүйлөшүүсү боюнча чакырышкан.

– Атамбаев камалып, Текебаевдин үй камагына чыгышы бири-бирине байланышабы?

– Менимче эч кандай байланышы жок. Текебаев эки жылдан ашык олтурду, бул иш  канча жолу каралды, Маевский жөнүндө иликтөөлөр журдү. Ошондуктан, бул мезгил талабы болду. Атамбаевдин камалышы менен Текебаевди атайын бошотту дегенге ишенбейм. Текебаев өзү “Атамбаевди саясий негизде эмес, далилденген фактылар менен соттош керек” деп  айтты.

– Качып жүргөн Бабановдун Кыргызстанга келиши дагы көп талашка жем таштады. Жээнбековдун шайлоо өнөктүгү учурунда “Коррупцияны сенден баштайм” деп айтканы кайра күч алды. Бул сөз шайлоо учурунда айтыла берчү сөз катары каралыш керекпи?

– Туура, бул сөз шайлоо алдында айтылган. Муну шайлоого чыккан каршылашына урган сокку катары кабылдасак да болот. Мисалы, АКШда Трамп Клинтонго шайлоо алдында “Сени биринчи болуп олтургузам” деп айткан. Азыр Клинтон камалбай эле жүрөт. Экөөсүнүн мамилеси деле жакшы. Бул шайлоо учурундагы эмоция.

– Тополоң чыкканда келе калганын кандай кабылдадыңыз?

– Мен дагы эрте келип алды деп айтып жатам. Өзүм Бабанов менен сүйлөштүм. Ал киши “Мекенимди сагындым. Мага бийликтин, саясаттын дагы кереги жок. Саясаттан дагы бийик нерселер бар экенин көрдүм” деп айтты. Анда акча десең акча бар. Ага депутат болуу эмне берет?

— Кызыкчылык бар, ошон үчүн депутат болуп жатышпайбы?

– Ооба, кызыкчылык бар. Бирок, ал депутат, премьер-министр болуп көрдү.

– Депутат, премьер-министр болуу менен өз бизнесин коргогонго укук алып жатпайбы?

— Азыр тескери болуп калды. Депутат же премьер-министр болуп баргандардын баарын “Мунун тигил тарапта кызыкчылыгы бар” деп карап жатышат. Депутаттарды, өкмөт мүчөлөрүн эмне үчүн текшербейт?- деген суроо күч алып жатпайбы. Мисалы,“АЮнун” кожоюну Абдыкеримов азыр депутат эмес, ага эч ким тийбейт, жакшына эле иштеп жатат. Депутат болуп олтурганда “Эмне үчүн “АЮну” текшербейт?” деп чыгышмак.

– Бабанов тергөөгө каттап жатып эле, кечээ күнү кайрадан Москвага учуп кетти. Бул бийлик менен сүйлөшүү болгонун тастыктайбы?

— Бабановдун Москвага учуп кетиши, ал жакта бизнес долбоорлору менен байланышы бар болушу керек. Мени менен сүйлөшкөндө “Үй-бүлөмдөгү маселелер менен жүрөм. Балдарым окушу керек. Шайлоого барбайм. Тергөөгө күбө катары барып жатам. Эч кандай айып коюлган жок” деп айткан. Бир дагы ишке айыптуу деп саналбаса, жөн гана күбө катары чакырылып жаткан соң, Москвага учуп барганга укугу бар.

– Өмүрбек Текебаев үй камагына чыкты, Өмүрбек Бабанов күбө катары гана тергөөгө чакырылып, Москвага учуп кетти. Эки Өмүрбектин кимиси бийликке коркунучтуу?

– Экөөсүнүн тең жеке проблемалары бар. Текебаев соттон толук акталып, андан кийин ден-соолугун карашы керек. Бул дагы олуттуу проблема. Бийликке коркунуч жаратуудан алысыраак. Бабановдо деле ушундай. Ал мага ачык эле “Жашоодо саясаттан бийик баалуулуктар бар экен” деп айтып жатпайбы. Кийинки шайлоого чейин бир жыл убакыт бар. Азыр бул азаматтар чыга алышпайт.

– Сиз Акаевдин учурунда түрмөгө олтуруп чыккан саясатчысыз? Ал адамды качан кечирдиңиз?

– 2005-жылы 24-мартта түрмөдөн чыкканда эле “Акаевди кечирдим” деп айттым. Эмне үчүн мындай болуш керек? Маселен, мен бийликке келсем, мурункулардын баарын талкаласам туура эмес болот. Бул саясий өч алуу болуп калат. Эгер жеке мамиле болсо, анда башка кеп.

– Текебаев дагы Атамбаевден саясий негиз менен ыдык көрүп камалды. Сиздин түрмөгө олтурушуңуз менен Текебаевдин камалышында окшоштук барбы?

– Саясий жактан окшоштук бар болгону менен айырмаланат. Текебаевде Маевский роль ойноду. Менде окуя башкача болгон.

– Сиз саясий негиз менен каматкан Акаевди кечире алдыңыз. Текебаев Атамбаевди кечире алат деп элестете аласызбы?

– Аны билбейм. Бул дагы кызык маселе.

– Жаш өтүп калды, премьер-министр болууну деле көздөгөн жокмун деп айтып каласыз. Кийинки шайлоодо “Ар-намыс” партиясы жарышка чыгабы?

– Туура, ошондой пикирди айтып жүрөм. Бирок,“Сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет”деген сөз бар. Ошондуктан, биздин партия сөзсүз шайлоого барыш керек деп айтып жатам. Акча менен барган болбойт, кандай программа менен барабыз деген принциптемин. Партиянын ичинде праймериз өткөрүп, тизмеге кимдер кирет, кайсыл аймактан келет дегенди карайбыз. Акча, жашка кароо туура эмес. Идея, сунуштары жоктор, жазганды билбегендер парламентке барып эмне иш кылат? Жок дегенде жазганды билиши керек. Акчага ишенип баруу уят иш.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *