Феликс Кулов: “Садыр Жапаров түрмөдө отуруп, реалдуулуктан алыстап кеткен”

Эгерде Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлса, эл ага добуш берет, анткени документ популисттик мүнөзгө ээ. Бул тууралуу  бүгүн, 20-ноябрда экс-премьер Феликс Кулов “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” форумунда билдирди.

Ал эл “чимкириктерден” тажаганын, өлкөгө бир гана “кожоюнду” каалап жатканын айтты.

Бирок “легендарлуу” парламентти президент, “Ак-Жолдун” парламентин да президент жок кылганын эсиңиздерге салгым келет. Маселе, биздин президент ким Жогорку Кеңешке кирээрин өзү чечет. А адамдарга эгер мамлекеттин бир кожоюну болсо, анда биз андан да жакшы жашайбыз деп үйрөтүшкөн” – деди ал.

Ал эгер сунушталган Конституция кабыл алынса, анда кийинки күздө Кыргызстан октябрь окуяларынан дагы жаман окуяларга туш болоорун эскертти.

“Эми биз депутаттардын абийирине кайрылышыбыз керек, жок дегенде алардын айрымдары Конституциянын долбоору боюнча колтамгаларын кайтарып алышы керек. Экинчи жагдай: Садыр Жапаровго кайрылып, бул Конституциянын долбоору аны саясий жактан жетилгендикке сыноо экенин айтуу керек. Анын абакта отуруп, чындыктан алыстап кеткенин түшүнөм. Бирок мунун баары жаман аяктайт, ошондо ал өлкөдөн качып кетиши керек болот” – деди ал.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *