Ферганада милиция кызматкерлеринен токмок жеген жигит кайтыш болду

Фергана облусундагы ооруканада 6-май күнү милиция кызматкерлеринен токмок жеген 25 жаштагы жигит көз жумду.

Маркумдун туугандарынын айтымында, Кувасай Мирзохид Юлдашев 4-майда шаардык милиция бөлүмүндө ур-токмокко кабылып, омурткасы сынып, ооруканага жеткирилген.

Ал уурулукка айыпталган. Кувасай шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кызматкерлеринин бири анын сабалганын тастыктады:

– ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жигитти бир сутка камашып, кыйнашкан. Алар аны бетон полдун үстүндө тепкилешкен. Натыйжада Юлдашевдин омурткасы жана жамбашы сынган.

Маркумдун туугандары Фергана облусунун прокуратурасына арызданышып, милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылышты.

Фергана облустук прокуратурасы бул ишти кылдат текшерүүгө убада бергени менен жигитти сабаган тартип сакчылары камала элек.

Айрым маалыматтарга караганда, Кувасай шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эльёр Ганиев Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин иниси.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *