Ферганада операторго кол салуу болду

Фергана облусунун Кува районунда 13-май күнү кечке жуук белгисиз кишилер Effect.uz интернет басылмасынын операторуна кол салышты.

Басылма тараткан маалыматка караганда, оператор Гиёсбек Эшов журналист менен бирге түрттүрүлгөн үйү үчүн кенемте ала албай калган майып аялдан кабар алганы бараткан маалда кол салууга кабылган. Белгисиз кишилер оператордун көзүнө газ чачып, машинесинин терезесин талкалап, видеокамерасын тартып алышкан.

Ушул тапта Фергана облустук прокуратурасы операторго кол салуу фактысы боюнча тергөө иштерин баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *