Финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков ээлеген кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Байгончоков Мирланбек Конушбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *