Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Форум имаратындагы митинг: Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу митингчилердин алдына чыга элек
Саясат

Форум имаратындагы митинг: Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу митингчилердин алдына чыга элек

Бишкектеги Форумдун имаратында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги башталды. Митингге абактан бошотулган КСДП партиясынын мүчөсү Мээрбек Мискенбаев, УКМКнын экс-кызматкери Канат Сагымбаев, Фарид Ниязов жана мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышып жатышат.

Митингдин катышуучулары кечээки башаламандык учурунда талап-тоноочулукка жол беришкен жок деп белгилешти.

“Кимдир бирөө унааны өрттөп, тез жардам кызматынын фельдшерин сабап салган, бирок булар биздин тарапкерлерибиз эмес”, – деди Ирина Карамушкина.

Мээрбек Мискенбаев саясатчыларды бийликти жаштарга өткөрүп берүүгө чакырды.

Ал эми, Алмазбек Атамбаев митингчилердин алдына чыга элек. Маалыматка ылайык, ден-соолугуна байланыштуу.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт