Фото – Аткезчилик жол менен ташылып келинген порфюмердик буюмдар кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери баасы миллион сомго жакын аткезчилик жол менен ташылып келинген порфюмердик буюмдарды кармашты. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-февраль күнү билдирди.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, МБКнын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош областында А. Уулу З. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 412 D” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 3 543.96 килограмм болгон порфюмердик буюмдар табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын жалпы наркы 986 832 сомду түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *