Фото – Азия чемпионатынын биринчи күнү кыргыз балбандары үчүн жемиштүү болду

18-февралдан тарта Нью-Дели (Индия) шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдештин биринчи күнү кыргыз балбандары үчүн жемиштүү болду. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрү бир күмүш жана эки коло медалды багындырууга жетишкен. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги.

87 килограмм чен бирдигинде Азат Салидинов тажик, ирак жана иран балбандарын утуп финалдык беттешке чыккан. Чечүүчү кармашта мелдеш ээси болгон Индиялык Кумар Сунил менен кез келип жыйынтыгында күмүш медалдын ээси болду.

77 килограммда Ильяз уулу Ренат менен оор салмакта (130 кг) Ким Роман алдын ала кармаштарда утулуп калган. Бирок атаандаштары финалга чыгып кеткенден кийин коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган балбандарыбыз өзбек жана индус спортчуларын утуп Азия чемпионатынын коло медалынын ээси болушту.

Бүгүн, 19-февралда грек-рим күрөшү боюнча калган беш салмакта медалдар ойнотулат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *